АКШлык сноуборд боюнча кышкы олимпиада оюндарынын катышуучулары Фей Гулини жана Джастин Рейтер 2015-жылдын 15-февралынан 22-февралына чейин Кыргызстандын балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларын сноубордингдин кызыктуу дүйнөсү менен тааныштырууга умтулган унутулгус аптаны өткөрүшөт.
Америкалык коноктор жергиликтүү сноуборд устаттары менен чогуу Кыргызстандын Чүй, Ысык-Көл областтарында, ошондой эле Бишкек жана Каракол шаарларында жайгашкан балдар үйлөрүнүн 55 тарбиялануучулары үчүн сноуборд тебүү боюнча машыгууларды өткөрүшөт. Балдар сынактар менен эстафеталарга катышат, ал эми жыйынтыгы боюнча эң жигердүү жана таланттуу балдарга эстелик байгелер жана белектер тапшырылат.
Долбоордун ачылышы 16-февралда саат 10:30да «Чуңкурчак» тоо лыжа базасында башталат. Анын ичине пресс-конференция жана жалпы коомчулук үчүн америкалык спорт чеберлеринин өнөрлөрүн көрсөтүү оюндары кирет. Андан кийин Гулини айым жана Рейтер мырза эки күн бою балдар менен иштейт. Февралдын 19да Рейтер мырза Караколго барып, 19-20-февралда «Каракол» тоо лыжа базасында ал жердеги балдар менен иш алып барат.
Сноубординг – бул бүгүнкү дүйнө жүзүндөгү жаштардын эң жандуу, кызыктуу кышкы спорт оюндарынын бири. Бул долбоор өспүрүмдөрдү көңүл ачуу менен сергек жашоого үндөйт. Эгерде сиз кышкы спорт оюндарын жактырсаңыз, же болбосо жаңыдан эле жигердүү жана саламаттуу жашоого көңүлдөнүп атсаңыз, анда биздин иш-чараларга катышыңыз жана Facebook социалдык тармагындагы https://www.facebook.com/groups/WinterSportsEnvoyKG/ ачык топко кошулуп, жаңылыктарды окуңуз жана талкуулоолорго катышыңыз.
Иш-чараларды чагылдырганга кызыккан маалымат каражаттардын өкүлдөрү АКШ элчилигинин басма сөз кызматы менен 0770 770299 телефон же makenbaevtj@state.gov электрондук дарек аркылуу байланышса болот. Журналисттер үчүн “Чуңкурчак” жана “Каракол” лыжа базаларга унаа каржыланат.