26-март күнү саат 16:00дө Ресурс жана Полиси Иксчейндж бей өкмөт уюму (RPX) жана “Эргэнэ” коомдук фонду «Азыктандыруу жана кургак учук, кургак учук орулуулардын үй-бүлөсүнүн тамак аш коопсуздугу» аттуу тегерек стол өткөрөт. Иш-чарада кургак учук оорулуулардын жана алардын үй-бүлөсүнүн тамак ашка жеткилиги, жана тамак аш рациону боюнча талкуулар жүргүзүлөт. Тегерек стол Бишкек шаары, Исанов көчөсү 42/1 (Токтогул көчөсүнүн кесилишинде) 3 кабаттагы Кыргыз-Концепт борборундагы конференц-залында өтөт.
АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча Агенттиги (USAID) жана америкалык Ресурс жана Полиси Иксчейндж бей өкмөт уюму (RPX) 75 000 кг тамак аш азыктарын «Тынчтык үчүн тамак аш» деп аталган USAID программасынын чегинде Кыргыз Республикасына алып келди. Программанын максаты болуп кургак учукка каршы, психоневрологиялык жана башка социалдык мекемелерде узак мөөнөт дарыланып жатышкан аялдар менен балдардын тамак аш рационун жакшыртуу саналат. Быйыл бул тамак аш азыктары “Эргэнэ” коомдук фондунун координациясы менен республика боюнча 69 мекемеге бөлүштүрүлүнөт.
Алынып келинген азык чечевица кошулган кургак жашылча аралашмасын түзөт жана Бридлав Дегидрейтед Фудс америкалык компания тарабынан даярдалган. Курамы кургатылган сабиз, пияз, күрүч жана чечевицадан туруп, ар кыл витамин жана минералдар менен байытылган.
2006-жылдан тартып «Тынчтык үчүн тамак аш» деп аталган USAID программасынын чегинде Кыргызстанга жогоруда аты аталган азыктын дээрлик 27 миллион порциясы алынып келинип, 50 000 ден ашык бала жана бойго жеткен адамдарды кошумча азык менен камсыз кылган.
Аталган долбоор USAID аркылуу америка эли көмөк көрсөтүү боюнча колдоого алган көптөгөн долбоорлордун бири болуп саналат. USAID программаларын тууралуу кененирээк маалыматты http://www.usaid.gov/ru/kyrgyz-republic/fact-sheets/usaid-international-food-relief-partnership-ifrp-program сайты боюнча караңыздар.