АКШнын агенттик аларык тобу Ооганстан боюнча консультациялар үчүн Орто Азияга барууда

Орто Азиянын беш республикасынын кеңири регионалдык стабилдүүлүккө кошкон салымын таанып, АКШнын агенттик аларык тобу Ооганстан маселеси боюнча косультацияларды өткөрүү максаты менен 20-24 апрелде Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркменстанга сапар менен келүүдө.   АКШ мамлекеттик катчысынын Борбор Азия боюнча жардамчысынын орун басары Дэниел Розенблюм менен Ооганстан жана Пакистан боюнча атайын өкүлүнүн орун басары Лорел Миллер баштаган топ АКШнын регионго болгон туруктуу жактоочулугун жана Ооганстандагы жакындагы өзгөрүүлөрдү беш өлкөнүн өкмөт өкүлдөрү менен талкуулайт.

Бул консультациялар Орто Азиялык өнөктөштөрүбүздүн өкмөттөрүнүн өтүнүчү менен акыркы беш жылдан бери  өткөрүлүп жатат.  Келаткан топ Ооганстанда жакында болгон окуяларды, анын ичинде Улуттук биримдик өкмөтүнүн шайланышы, азыркы коопсуздук жагдайы жана Ооган улуттук коргоо жана коопсуздук күчтөрүн окутуу, кеңеш берүү жана жардам көрсөтүүгө багытталган НАТОнун “Чечкиндүү колдоо” миссиясын талкуулайт.  АКШ жалпыбыздын коркунучтарыбызды жана маселерибизди чечүү максатында кызматташууну жана Орто Азия республикалардын өкмөттөрү менен регионалдык коопсуздук жана стабилдүүлүк боюнча шериктештикти улантууга умтулууда.