Бүгүн түштүктөгү кайгылуу улут-аралык жаңжалдын башталышынын беш жылдыгы белгиленүүдө. Америка Кошмо Штаттары андан бери Кыргызстандын эли менен өкмөтү жооптуулук, стабилдүүлүк жана биримдикти алдыга жылдырууга аракетин жана мындын ары да аракет кылаарын белгилейт. Дүйнө жузу боюнча да, Америка Кошмо Штаттарында да, адилеттүүлүк, ачык-айкындык жана теңдиктин негизинде ар бир жарандын укугун урматтаган стабилдүү коомдорду куруу үчүн өкмөт менен жааматтардын арасында конструктивдүү диалог керек. Мыйзам үстөмдүгү урматталган жана адамдын баарына, теги же дини кайсы болбосун, жер табылган демократиянын ачык мейкиндигин ичинде айырмалыктарды жеңүү жолу менен элди мурда бөлгөн кагылышуулар акыры жалпы Кыргызстан эли үчүн күч жана узак стабилдүүлүктүн булагы болушу ыктымал.