АКШ Кыргыз Республикасында ВИЧ инфекциясын алдын алуу боюнча инновациялык ыкманы киргизүүнү колдойт

1-декабрда АКШ Өкмөтү Кыргыз Республикасы жана башка дүйнөлүк коомчулук менен бирге  Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүн белгилейт. Бул күндүн ВИЧ-инфекциясынын кызматтарына жол ачуу үчүн күч-аракетти эки эсеге көбөйтүүгө жана АИВ/СПИДден жабыркагандарга өзгөчө көңүл бөлүгө үгүттөгөн  “ВИЧ эпидемиясын токтотуу: адилеттүү жол ачуу, бардык тараптарга көнүл бөлүү” деген тема менен өтүүдө.

Быйыл АКШ менен Кыргыз Республикасы ВИЧ/СПИДге каршы күрөштө кызматташып келгенине 11 жыл толду. АКШ президентинин СПИДге каршы күрөшкө жардам берүү боюнча планы (PEPFAR) ВИЧ эпидемиясын көзөмөлдөө жана токтотуу максатында Кыргыз Республикасына колдоо көрсөтүп келет. Бул ресурстар медициналык кызмат көрсөтүүнү күчөттү жана ВИЧтин алдын алуу, кам көрүү жана дарылоо боюнча жергиликтүү жамааттык уюмдардын мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатты.

АКШ Кыргыз Республикасында ВИЧ эпидемиясынын андан ары жайылышын токтотуу үчүн далилденген ыкмаларды колдоп келет. Алардын бири — PrEP ВИЧтин алдын алуунун коопсуз ыкмасы. Мында ВИЧи жок адамдар вируска кабылган учурда жуктуруп алуу коркунучун азайтуу үчүн дары-дармектерди алышат. Ал кооптуу сексуалдык жүрүм-турумдан же инъекциялык баңгизатты колдонуудан улам инфекция жуктуруп алуу коркунучу жогору болгондорго арналат.

PrEP АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID), АКШ Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору (CDC) жана PEPFAR “Максаттарга жетишүү жана эпидемияны көзөмөлдөө” (EpiC) долбоору аркылуу киргизилип жатат. Долбоор БУУнун ВИЧ/СПИД боюнча биргелешкен программасы (ЮНЭЙДС) жана СПИДге каршы күрөшүү боюнча улуттук программа менен бирге иштеп, ВИЧтен өтө көп жабыр тарткан калк топторунун арасында бул ыкмасын жайылтат. Учурда Кыргыз Республикасында 152 адам PrEP алууда, 2022-жылдын сентябрына чейин дагы 250 адамды кабыл алуу пландалууда. Долбоорду тез арада кеңейтүү Кыргыз Республикасында ВИЧ/СПИДдин жайылышын басаңдатуунун жана акырында аны токтотууга жол ачат.

“Биз Кыргыз Республикасын ВИЧке каршы күрөшүүдө көп жылдардан бери колдоп келе жатабыз. Бул жылдар бою биз ВИЧ менен жашаган адамдарга кызмат көрсөтүүнү жакшыртууга, медициналык кызматкерлерди окутууга жана жаңы ыкмаларды киргизүүгө жардам бердик. PrEPти киргизүү бул жаатта дагы бир маанилүү кадам болуп саналат”, – дейт Кит Симмонс, USAIDдин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн директорунун милдетин аткаруучу.

PrEP дары-дармектери Кыргыз Республикасындагы бардык СПИД борборлорунда бекер сунушталат. Учурда Кыргыз Республикасында ВИЧ-инфекциясы менен жашаган 10 миңден ашык адам бар жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эсеби боюнча, өлкө дүйнөдө ВИЧ-инфекциясынын өсүү темпи боюнча эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири болуп саналат.

«Биз COVID-19 менен күрөшүүнү улантып жаткандыктан, башка оорулар, анын ичинде ВИЧ коомдук ден соолук үчүн коркунуч болуп кала берерин эстен чыгарбоо керек. Бизде ВИЧ/СПИДди жок кылуу үчүн PrEP сыяктуу куралдар бар; биз аларды эффективдүү колдонушубуз керек”, – деди Патрик Надол, АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлорунун Борбордук Азиядагы ВИЧ/СПИД программасынын директору.