2016-жылдын 30-ноябры
Бишкек – АКШ, Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) жана Саламаттыкты сактоо министрлиги Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнүнө карата биргелешкен иш чара өткөрүштү. Бул иш чарада өнөктөштөр СПИДке каршы күрөштө милдетенмелерин дагы бир ирет тастыкташты.
«USAID жана АКШнын Орууларды контролдоо жана алдына алуу борбору (СDC) АКШ Президентинин СПИД менен күрөшүү боюнча өзгөчө планынын (PEPFAR) алкагында Кыргыз Республикасында БУУнун “90-90-90” максатын ишке ашыруу үчүн түрдүү долбоорлорду ишке ашырууда. Бул масштабдуу максаттын алкагында, АИВ менен ооруган адамдардын 90 пайызында дарттын аныкталышы, анын ичинде антиретровирустук терапия алган адамдарды 90 пайызга жеткирүү, ал эми алардын ичинен 90 пайызында вирустун басмырланышы абзел», – деп иш-чаранын жүрүшүндө АШКнын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Шейла Гуолтни белгилеп кетти. Элчи Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Республикалык СПИД Борборунун бул планды 2020-жылга чейин ишке ашыруудагы жетектөөчү ролун белгилеп, өнөктөштөр ортосундагы, анын ичинде БУУ менен тыгыз кызматташтыктын мындан ары улануусун колдоорун билдирди.
Республикалык СПИД Борборунун маалыматы боюнча, Кыргыз Республикасында 7000 ге жакын адам АИВ менен жашайт, инфекция көп учурда ийне сайынган баңги колдонуучу адамдар тарабынан ийнелерди жана шприцтерди чогуу колдонгон учурларда жугат.
Акыркы эки жыл аралыгында USAID жана CDC 6800 адамды тесттен өткөрүп, 15 миң адам АИВди алдына алуу боюнча кызматтарды алышкан. Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасы менен АИВди алдына алуу, дарылоо жана камкордук көрсөтүү боюнча кызматташтыгын мындан ары уланта берет.