Америка Кошмо Штаттары башталгыч класстар үчүн кыргыз тилинде чейрек миллион китеп тапшырат

2016-жылдын 13-декабры

Бишкек 12-декабрь Кыргызстандын Yлуттук aдабият күнү, АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси Шейла Гуолтни бардык мамлекеттик кыргыз тилдүү башталгыч мектептерге 264000ден ашык китептин USAID аркылуу таратыларын жарыялады. Ар бир кыргыз тилдүү башталгыч мектепке жаш окурмандардын муктаждыктарына жараша негизделген жомоктоду, аңгемелерди, табышмактарды жана ырларды камтыган кыргыз тилиндеги 123 китеп тапшырылат. USAIDдин «Бирге окуйбуз» аттуу долбоору өлкө боюнча 60 пайызга чукул мектептерде 1-4 башталгыч класстардын окуучулардын окуу жөндөмдөрүн жогорулатуу аракетинде иштеп жатат. Kасымалы Баялинов атындагы балдар китепканасында өткөн китептерди тапшыруу аземинде сүйлөгөн сөзүндө элчи Гуолтни бул белек Кыргыз Республикасы менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы 25 жылдык үзүрлүү өнөктөштүгүнө арналган деп белгиледи.

«Биз АКШнын өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы кызматташтыкта кошула алганыбызга сыймыктанабыз жана биз бул маанилүү ишти улантуу үчүн чыдамсыздык менен күтүп жатабыз», – деп билдирди элчи.

«Бирге окуйбуз» долбоору аркылуу USAID жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги новатордук окутуу ыкмаларды колдонуп, башталгыч класстардын окуучуларына окуу көндүмдөрүн жакшыртууга жардам берүүдө. Аталган долбоор башталгыч мектептердин 60 пайызыда иштеп, 260000ден ашуун башталгыч класстардын окуучуларынын келечектеги ийгиликтери үчүн өтө маанилүү окуу жөндөмдөрүн жакшыртууда.

Ошондой эле, USAID балдардын жана алардын ата-энелеринин арасында китеп окууну жайылтууга жана Улуттук адабият күнүнө арналган майрамдоо бүткүл өлкө боюнча бир катар салтанаттуу иш чараларды өткөрүүдө. Улуттук адабият күнү улуу жазуучу  Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүндө белгиленет.