Жибек Жолу ультрамарафону: Өнөктөштүгүбүздүн 25-жылдыгын Америка спортунун легендасы Дин Карнасис менен блегилөө

Dean Karnazes

Дүйнөгө белгилүү өтө узак аралыкка чуркаган америкалык жөө күлүк Дин Карнасис 29-июндан 10-июлга чейин Улуу Жибек жолунун бою менен Өзбекстан, Кыргызстан жана Казакстанды аралап чуркап өтөт. Бул ультрамарафон Америка Кошмо Штаттары тарабынан каржыланып,  АКШ менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы түзүлгөн дипломатиялык мамилелеринин 25 жылдыгына арналат.

Карнасис Өзбекстандан баштап, Казакстан, Кыргызстанды басып өтүп, акырында Казакстандын Алматы шаарында финишке чыгып, баш аягы 525 км дистанциясын чуркап өтөт.Жолундагы бардык өлкөлөрдө ал жергиликтүү жөө күлүктөрү менен бирге чуркап, спорт сүйүүчүлөр, студенттер жана машыгууга өзгөчө мамиле кылуу  жөнүндө көбүрөөк билүүгө кызыктар адамдар менен жолугушууларды өткөрөт.

“Time” журналы тарабынан дүйнөдөгү эң таасирлүү жүз адамдын бири деп аталган, Дин Карнасис чуркоонун философиясы жана ыкмалары, ошондой эле ден соолукка пайдалуу тамактануу жөнүндө көптөгөн китеп менен макалалардын автору. Дин адамдын чыдамкайлыгынын чектерин улам кеңейтип жатат. Ал минус 40тан плюс 48 чейинки даражадагы температурада узак аралыктарга чуркап жүргөн. 2005-жылы ал 350 миля аралыкты (560 км) 80 саат 44 мүнөттүн ичинде уйкусуз чуркап чыккан.

Кыргызстандагы иш-чаралар АКШнын элчилиги жана жаштардын демилгелерин колдоочу “Алуа” коомдук уюмунун өнөктөштүгү аркылуу уюштурулган. Дин Карнасистин Кыргызстандагы каттамы төмөнкүдөй:

  • 3июль – Кызыл-Жылдыз айылы, Талас облусу;
  • 4июль – Талас шаары;
  • 5июль – Суусамыр;
  • 6июль – Кара-Балта шаары;
  • 7июль – Шопоков шаары жана Бишкек;
  • 8июль – Бишкек шаары.
  • 8июлда, саат 17:00дө Дин Карнасис Орто-Сай айылынын жанындагы Боз Бөлтөк тоонсунун чокусундагы Кыргыз улуттук желеги турган жерден баштап, шаардын Түштүк дарбазасындагы “Жеңиш” сейил багына чейин массалык чуркоону баштап чыгат. Ошол эле учурда, атактуу америкалык джаз музыканты Энтони Станко жана “The Crucial Elements” тобу “Жеңиш”сейил багындагы салтанаты концерт менен ачат.  Саат 18:00 чамасында, Дин чуркап келээри менен, АКШ элчиси Шейла Гуолтни жана Бишкек мэриясынын өкүлү катышкан салтанаттуу кечесинекошулат.  Иш-чаралар акызсыз жана жалпы эл үчүн ачык болот.  Баарыңыздарды чакырабыз.  

Ультрамарафон тууралуу көбүрөөк маалыматты АКШ элчилигинин расмий Facebook барагында https://www.facebook.com/usembassy.bishkek /  же +996 312 47-47-98 телефон аркылуу алса болот.

Ультрамарафонду чагылдырууга кызыккан ЖМКлардын өкүлдөрү АКШ элчилигинин басма сөз кызматы менен BishkekPAS@state.gov даареги же +996 312 59700 телефон аркылуу байланышса болот.

Дин Карнасис жөнүндө маалымат алуу үчүн http://www.ultramarathonman.com даарегине кирип көрүңүз.