АКШ/УБ Парламентке көмөктөшүү программасы беш жылдык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы менен бөлүшөт

2015-жылдын 9-июлунда Америка Кошмо Штаттарынын эл аралык өнүктүрүү агентиги (USAID) жана Улуу Британиянын эл аралык өнүктүрүү министерствосу (DFID) тарабынан каржыланган Кыргыз Республикасынын парламентине көмөктөшүү программасы (KPSP) Бишкектеги «Жаннат» мейманканасында жыйынтыктоочу конференциясын өткөрдү. Аталган иш-чарага парламенттин (Жогорку Кеңештин) депутаттары жана кызматкерлери, Президенттин администрациясынын, премьер-министирдин администрациясынын жана эл аралык донорлордук жана жарандык уюмдарынын өкүлдөрү катышышты. Беш жыл аралыгында KPSP өлкөнүн экономикалык жана социалдык жашоосундагы парламенттин ролун күчөтүү жана мыйзамдардын сапатын жакшыртуу боюнча иш жүргүздү. Программынанын негизги жетишкендиктери төмөндөгүлөрдү камтыйт:

  • Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык Академиянын астында түзүлгөн мыйзам жаратуу институтун түзүү;
  • Кыргыз жана орус тилдериндеги мыйзам чыгаруу жана башка терминдерди стандартизациялоо жана мыйзам чыгаруу орусча-кыргызча сөздүгүн иштеп чыгуу;
  • Мыйзам долбоорлорун тыштан изилдөө жана анализ жүргүзүү боюнча KPSP жана Жогорку Кеңештин биргелешкен изилдөө борборун түзүү;
  • Жогорку Кеңешке кызматкерлерди жумушка алууда адам көрөнгөсүн башкаруунун заманбап тажрыйбасын жана ачык конкурсту киргизүү;
  • Парламенттик журналистика мектебин өткөрүү жана парламенттин пресс-борборуна материалдык –техникалык жардам көрсөтүү;
  • Профессионалдык өсүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү парламенттик аялдар клубун түзүү;
  • Парламентаризмди өнүктүрүүнүн негизги багыттарын камтыган 270-тен ашык ар кандай иш-чараларды, алардын ичинде коомдук угууларды, конференцияларды, окуулар жана тренингдерди өткөрүү.

Конференциянын катышуучулары программанын ишинин жыйынтыктарын, кийинки парламент алдында турган мыйзамдуулук жана институционалдык  маселелердин мүмкүн болгон чечимдерин талкуулашты. Спикердин орун-басары Асия Сасыкбаева программанын кызматкерлеринин кесипкөйлүк менен иш алпаргандыктарына баа берип, парламент алдында көптөгөн мыйзамдарды 2010 – жылдагы конституцияга ылайык келтирүү маселеси турган кыйынчылык кезде көрсөткөн жардамы үчүн программага ыраазычылыгын билдирди. ЖК аппараттын жетекчиси Радбек Ешмамбетов аталган ушул өңдүү долбоорлор өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн бекемдейт жана эл аралык кызматташуунуу камсыздайт деп белгиледи. Өз сөзүндө долбоордун ийгилиги баардык катышуучулардын биргелешкен натыйжалуу иш алпаруусу аркылуу болгондугун айтты. «Кыргыз Республикасында парламенттик башкаруу орун алды. Парламент чечим чыгаруунун борбору болду», – деп билдирди эл аралык иштер боюнча комитеттинин төрагасы Каныбек Иманалиев. Программанын алкагында өткөн аймактардагы иш-чаралардын негизинде парламент өлкөдөгү жарандар менен тыгыз байланыш түзө алгандыгын белгилеп кетти.

USAID/DFID Жогорку Кеңешине көмөктөшүү программасы парламент менен 2010-жылдын 30-сентябрынан баштап иштейт. Расмий түрдө программа ишин 2015-жылдын 29-сентябрында аяктайт.