АКШдан келген “Ишкердүүлүк – экономикалык бакубаттуулук” долбоорунун адиси ийгиликтүү бизнес-тажрыйбалар тууралуу пикирин ортого салат

АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилиги АКШлык адис Виктория Сильченкону, мыкты мисалдарды өңүктүрүүгө жана кыргыз жана эл аралык компаниялардын ортосундагы коммерциялык өнөктөштүктү кеңейтүүгө багытталган “Ишкердүүлүк – экономикалык бакубаттуулук” программасынын алкагында, 22-26-апрель аралоыгында Бишкекте бир апталык долбоор ичинде жолугушууларды өткөрүү максатында колдоо көрсөтүүдө.

Виктория Сильченко

Сильченко заманбап шаймандар менен технологиялар, учурга ылайык өсүүгө түрткү бере турган баштапкы капиталдын булактары, краудфандинг, венчурдук капитал жана социалдык ишмердүүлүк жана инвестициялоо, жана ошондой эле, негизги оюнчулар менен багыттар, сатуу чеберчилиги, жаңы рынокторду түзүү жана алтернативдик каржылоо тууралуу кеп салат.

Жолугушууларга университет студенттери менен окутуучулары, социалдык ишкерлер, бизнес-компаниялар, чыгармачыл тармактагы жаш ишкерлер, мамлекеттик кызматкерлер жана башка кызыдар өкүлдөр чакырылат.

Бизнести башкаруу семинары АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилиги жергиликтүү ишкерлер менен бизнес бирикмелер менен биргеликте АКШнын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (USAID) каржылык колдоосу менен уюштурулат. Жергиликтүү ишкерлер чет өлкөлүк ишканаларга эл аралык деңгээлде туруктуу жана чыйрак ишкер өнөктөш болууга өз дарэметин көрсөтүүнү үйрөнүшөт.

Сильченко мамлекеттик кызматкерлер менен расмийлер, жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жергиликтүү ишкерлерди бизнестин дүйнөлүк стандарттары, 2019-жылдын күзүндө Эл аралык франчайзинг жана сооданы уюштуруу көргөзмөсү менен тааныштыруу максатында бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Кирүү акысыз.

Виктория Сильченко, илимдер доктору, ал АКШда ишкер жана кеңешчиге айланган экономист жана альтернативдик каржылоо боюнча алдыңкы адистердин бири болуп саналат. Альтернативдик каржылоо жаңы санарип доорундагы венчурдук каржылоонун кийинки баскычында алдыңкы саптарда орун алган. Ал Калифорниянын  Лос-Анжелесиндеги «Metropole Capital Group» жана «World Funding Summit» уюмдарынын негиздөөчүсү; Калифорниянын Лютеран университетинин адъюнкт-профессору жана учурда Калияфорния фондулук биржасынын Консултадивдик кеңешинин мүчөсү.

Иш-чараларды чагылдырууга кызыкдар болгон ММК өкүдөрү АКШ элчилигинин басма сөз кызматы менен BishkekPAS@state.gov дареги же 0312 597000, 0770 770299 телефондору аркылуу байланыша алышат.

 Иш чаралардын тизмеси:

23-апрель, шейшемби

 

 

14:30 – 16:30

Сессия: Социалдык ишмердүүлүк жана инвестициялоо: негизги оюнчулар жана социалдык ишкерлердин багыттары (Бишкектеги Америка борбору  (Огонбаев көч,. 242, Бишкек)

 

25-апрель, бейшемби 10:00-10:45  

Сессия: «Америкага сапар: өнөктөш же америкалык инвесторду издөө» аттуу сессиясын бизнести башкарууга арналган «Жергиликтүү ишкерлердин глобалдык өнөктөштүккө даярдыгы» семинары

(Хаятт Риженси Бишкек, Шайыр залы)

 

26 апрель, жума 10:00-11:30 

Сессия: Чыгармачыл тармактарда иш алып барган жаш ишкерлерге арналган краудфандинг, жаңы рынокторду түзүү жана интеллектуалдык менчикти коргоо.

(Ололохаус, Эркиндик Бульвары 64Б)