
“Кыялымдын артынан кууп жүрөм”,- дейт Дастин Флеминг
2017 жыл, 23 февраль (Каракол, Кыргыз Республикасы) – Паралимпиялык сноубордчу Дастин Флеминг Каракол шаарынын жана жанындагы айылдарынын 30 жетим жана жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн Каракол лыжа базасында кышкы спорттор боюнча машыгууларды өткөрөт.
Дастин чакан топторго бөлүнгөн жана Кыргызстандагы АКШ элчилиги тарабынан тийиштүү жабдуулар менен камсыздалган балдарга өз чеберчилигин көрсөтүп, спорт ыкмаларын үйрөтөт. Андан кийин, топтордогу балдар кыргыз спортчулары жана лыжа базасынын насаатчылары менен иштешет. Кыргызстандык спортчулар жана АКШ Тынчтык Корпусунун ыктыярчылары балдарга жаңы үйрөнгөн көндүмдөрүн арттырууга жардам берет.
“Мен кайрадан кыялымды орундатууну көздөп жүрөм, бул кыялым – 2018 жылы Түштүк Кореяда боло турган Паралимпия оюндарга катышуу”, – дейт Дастин. Ал учурда АКШнын курама тайпасына кирүү максаты менен түрлү мелдештерге катышып жер кыдырып жүрөт, жана өз өмүрүнүн ошого арнайт.
Караколдун жалпыга маалымдоо каражаттадрын өкүлдөрү иш-чараларды чагылдырганга чакырылат. Андан тышкары, сноубордчу жергиликтүү мектеп окуучулар жана студенттер менен Караколдун Америка борборунда жолугуп маектешет.
Программанын катышуучулары тарабынан негизинен жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн балдарынын арасынан тандалып, Каракол шаарынын жана ага жакын жайгашкан айылдардын мектеп директорлору сунушталган.
Андан тышкары, Дастин кыргыз спортчулары, Кыргыз Республикасынын Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикгинин, Сноуборд федерациясынын, жана Улуттук Паралимпиялык комитетинин жетекчилиги менен жолугат.
2004-жылдын апрелинде, Дастин Флеминг АКШнын Деңиз жөө аскерине кирип, анын элиталык “Force Recon” бөлүмүндө кызмат өтөгөнгө дайындалат. Эки жыл өтпөй, 2006-жылдын 17-октябрында Дастиндин жашоосу түп-тамыры менен өзгөрүлөт. Жөө кайгуулда жүргөндө, ал оң бутуна ок алат. Алган жаракаты бутунун нервине оор зыян келтиргенине байланыштуу, 2008-жылы анын буту тизесинен ылдый кесилет. Жаракат алып, бутунан ажырагандан кийин Дастин мындан ары жашоосун кандай алып кетүү тууралуу ойлорго дуушар болот. Аскердик кызматы бүткөндөн соң ал жашоосунда мурункудай спорт менен алектене албай калганын ойолонуп жатып, акыл-эси жана денелик жактан чөгүп калат.
2012-жылдын ноябрь айында ал үйүн таштап, өзү тоодо жашап, өмүрүн жаңы спорт түрүн – сноубордду – өздөштүрүүгө арнайт .
“Биринчи күндөн баштап эле, мен туура чечим кабыл алганымды билгем. Мен ошол замат сноуборд дегенден жалындап, аны менин өмүрлүк ишиме айландыруунун жолун издей баштадым. Мен “Adaptive Action Sports” сноуборд тайпасына кирип, Колорадо Спрингс олимпиадалык даярдоо борборунда келечекке көптү үмүттөндүргөн спортчулар менен бирге машыкгууга чакыруу алдым”.
“Adaptive Action Sports” командасынын веб-сайтын бул жерден табасыздар: http://adacs.org/
Иш чараларды чагылдырууга кызыккан ЖМКдын өкүлдөрү АКШ элчилигини басма сөз кызматы менен 597 396, 597 595, 0770 770 299 телефон номурлар же BishkekPAS@state.gov электрондук даарек аркылуу байланышуу зарыл.