АКШ Мамлекеттик департаменти
Мамлекеттик катчы
Майкл Помпеонун
Билдирүүсү
Вашингтон, Колумбия аймагы
25-март, 2019-жыл
Мен Иран элине жана жаздын келиши менен жаңы жылдын башталышынын белгиси болгон байыркы Нооруз майрамын майрамдаган Азербайжан, Грузия, Индия, Ирак, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Ооганстан, Орусия, Өзбекстан, Пакистан, Сирия, Тажикстан, Түркия, Түркмөнстан жана Күрт элдерине, ошондой эле алардын АКШдагы өкүлдөрүнө куттуу майрамды каалайм.
Миңдеген жылдардан бери Нооруз майрамы көптөгөн эл жана жамааттар үчүн алардын маданиятынын жана мурасынын пайдубалындагы негизги бөлүк болуп эсептелет. Ноорузда тууган менен достор чогулуп, өткөн мезгил жөнүндө ой жүргүзүп келечекке үмүт артып майрамдашат, ошондой эле Нооруз – бул жанында же алыста жүргөн жакындары менен баш кошо турган мезгил. Ирандыктар бул жылы Нооруз майрамын белгилеп жатканда, алар башка шаарларда, ал тургай, чет өлкөлөрдө жашаган туугандарына социалдык тармактар аркылуу сүрөттөрүн жана Жаңы жылдык куттуктоолорун жөнөткөнгө чектелбеген мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек. Ардактуу Иран эли коркпой же куугунтукка алынбай жашоонун жакшылыктарын көрүүгө татыктуу.
Нооруз бардыгы үчүн жаңы башталыштарды жана жаркын келечек алып келсин! Нооруз кут болсун!
Бул котормо окурмандардын ынгайлуулугу үчүн каралган, англис тилиндеги түп нускасы расмий катары каралышы керек.