АКШ 24 миңден ашуун кыргызстандык мектеп окуучуларын азыктандыруучу тамак менен камсыз кылуу үчүн байытылган өсүмдүк майын тартуулады

Бишкек – 8-сентябрь 2022-ж.2022-2023-окуу жылында 24 миңден ашуун башталгыч класстын окуучулары Кыргыз Республикасына жакында келген 40 тонна байытылган күн карама майы кошулган ысык, азыктандыруучу тамак менен камсыз болот. Май Чүй, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында жайгашкан 120дан ашуун айыл мектебинин башталгыч класстарына таратылат. Жалпысынан 500 тонна азык-түлүк, анын ичинде ун, күрүч, буурчак жана жасмык 2022-жылдын сентябрь-октябрь айларында АКШдан Кыргызстандын мектептерине алып келинет.

Өсүмдүк майы менен камсыздоо – «Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу» 5 жылдык программасынын бир бөлүгү. Аталган программа АКШнын Айыл чарба министрлигинин (USDA) каржылылоосу менен  жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жана Сламаттыкты сактоо министирлигинин өнөктөштүгү менен ишке ашырылып жатат.

2022-2023-окуу жылында 120дан ашуун айыл мектеби мектепте тамактандырууну уюштуруу үчүн азык-түлүккө кошумча ашканаларды оңдоп-түзөөгө жана  заманбап ашкана жабдууларын алууга мүмкүнчүлүк алат. Ошондой эле программа окуучулардын жана мугалимдердин ден соолугун жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн мектептин суу жана гигиеналык инфраструктурасын калыбына келтирүүгө колдоо көргөзөт, ал эми мектеп кызматкерлери жана ата-энелер Кыргызстандагы балдардын тамактануу рационун, ден соолугун жана азыктануусун жакшыртуу үчүн зарыл болгон окутуулардан өтөт.

АКШнын Айыл чарба министрлигинин «Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу» прграммасы 5 жыл аралыгында Кыргызстандын алты облусунда 400дөн ашуун мектеп жана 100 000ден ашуун окуучуну камтыйт.

******

Мерсико Кыргызстанда 1994-жылдан бери иштеп келе жаткан эл аралык бейөкмөт уюм. Мерсико USDAнын колдоосу менен 2012-жылдан бери МакГоверн-Доулдун «Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу» прграммасын ишке ашырып келет. Программанын жаңы айлампасы 2021-2026-жж. жүргүзүлөт. Кененирээк маалымат алуу үчүн: https://www.fas.usda.gov/programs/mcgovern-dole-food-education-program

###