2017-жылдын 26-февралынан 3-мартына чейин Америка Кошмо Штаттарынан бизнес жана технология жаатындагы иш алып барган он алты аял лидерлери ТекВумен (TechWomen) программасынын делегациясы катары Кыргызстанда жүрөт. Табигый илимдер, технология, инженерия жана математика, б.а. СТЕМ (STEM) тармагында билим алууга шыктандырып, технологиянын өнүгүшүн колдоп келген Силикон өрөөнүнүн жогорку деӊгээлдеги жетекчилери жана технология адистери бул делегациянын курамын түзөт. Алар ТекВумен программысына катышкан кыргыз бүтүрүүчүлөрү менен бирге СТЕМ тармагында эмгектенип келген жаш адистерге маалыматтык жана насаатчылык сессияларын өткөрүп беришет. Бир жумалык программанын жүрүшүндө делегация бейөкмөт уюмдарына, жеке жана мамлекеттик компанияларга, университеттерге, мектептерге, ошондой эле инкубатор жана инновация борборлоруна барып, ал жактагы аял ишкерлердин карым катнашын дүйнө жүзү боюнча кеӊейтүү аракетин кылышат. Делегация Анита Борг Институт (Anita Borg Institute), ЭйчЖиЭсТи (HGST), Джунипер Нетворкс (Juniper Networks), Лоренс Хол оф Сайенс (Lawrence Hall of Science), ЛинкдИн (LinkedIn), Менторинг Стандард (Mentoring Standard), НАСА (NASA), Позитив Импакт Партнер (Positive Impact Partner), Силикон Валлей Линк (Silicon Valley Link), Сингуларити Юниверсити (Singularity University), Санран (Sunrun), Симантек (Symantec) жана Твиттер (Twitter) компанияларынын өкүлдөрүнөн турат.
TechWomen программасынын мааниси өтө жөнөкөй – Американын хайтек лидерлери, б.а. Америка Кошмо Штаттарындагы инновацияларды алдыга түрткөн адамдар өз убактысын жер жүзүнүн бардык тарабынан келген аял ишкерлерине устат болуп берүүгө арнашат. Бул иш аркылуу алар эл аралык кесиптештерин, коомду технология аркылуу кандайча өнүктүрсө болорун аныкташат. Устатчылык жана тажрыйба алмашуу аркылуу TechWomen программасы ар өлкөлөрдөн келген адистердин ортосундагы өз ара түшүнүүсүн кеӊейтүүгө, ошондой эле кыз-келиндердин илим жана технология багытында чоӊ ийгиликтерге умтулуусуна өбөлгө түзөт. TechWomen программасы ага катышкан өлкөлөрдүн арасында соода көлөмүн көбөйтүүгө, экономикасын өнүктүрүүгө, ошондой эле бизнес, илим жана технология жаатында иштеген аялдарга өзүнүн потенциалын толугу менен иштетүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Америкалык устаттар делегациясын дүйнөнүн ар өлкөлөрүнө жиберүүдөн тышкары, TechWomen программасы ар өлкөлөрдүн аял лидерлерин Америка Кошмо Штаттарына дагы алып келет. Бүгүнкү күндө, Африкадан, Жакынкы Чыгыштан жана Борбордук Азиядан бардыгысы биригип, 400дөн ашуун кыз-келин, анын ичинен он үчү Кыргызстандан, Силикон өрөөнүнө беш жумалык программасына катышып келишти. Бул алмашуу программасы алкагында катышуучулар кесиптештери менен долбоор негизинде насаатчылык ишин алып баруу, иш аракетин пландаштыруу, лидерлик сапаттарын өнүктүрүүгө арналган семинарларды өткөрүү максатында биригип иштешет.
TechWomen программасы АКШнын мамлекеттик департаментинин демилгеси менен 2011-жылы башталып, дүйнө жүзүндөгү аялдардын илим жана техника жаатындагы катышуусуна көмөк көрсөтүү боюнча биздин глобалдык милдеттенмебизди ишке ашырып келет. Программа Эл аралык билим берүү институту (Institute of International Education) аркылуу башкарылат. Программа боюнча тагыраак маалыматты төмөнкү сайттан тапса болот: https://www.techwomen.org/
Чагылдырууга кызыккан маалымат каражаттарынын өкүлдөрү АКШ элчилигинин басма сөз кызматы менен байланышууга тийиш:
Тел.: 597 396, 597 595, 0770 770 299;
Электрондук дарек: BishkekPAS@state.gov