Flag

An official website of the United States government

АКШ Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жана коомчулугунун ВИЧке каршы күрөшүүдөгү маанилүү ролун баса белгилейт
Тарабынан
10 МИНУТ ОКУЛДУ
December 1, 2023

АКШ Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жана коомчулугунун ВИЧке каршы күрөшүүдөгү маанилүү ролун баса белгилеп 35-чи Дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүн белгилейт 

БИШКЕК, Кыргыз Республикасы, 2023-жылдын 1-декабры – Америка Кошмо Штаттары 35-чи Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүн Кыргыз Республикасына, өнөктөштөрүнө жана бүткүл дүйнө элдери мене биргеликте белгилөөгө кошулганы менен сыймыктанат. Бүгүнкү күн ВИЧ илдетине каршы күрөш бириктирген коомчулуктун күч-кубатына, туруктуулугуна жана ар түрдүүлүгүнө таазим кылуу жана ВИЧ/СПИДден каза тапкан адамдардын элесин урматтоо мүмкүнчүлүгү. 

 

АКШ өкмөтүнүн 2023-жылдагы СПИДге каршы күрөшүүнүн Бүткүл дүйнөлүк күнүнүн темасы “Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнү 35: Эсте жана аткар”. Бул тема ВИЧке байланыштуу стигманы жоюу үчүн глобалдык күрөштү, биз жоготкондорду урматтоо мүмкүнчүлүгүн жана ВИЧ коомдук ден-соолукка коркунуч туудурбай калган күнгө карата иштөөнү улантууга чакырык катары кызмат кылат. 

 

АКШ өкмөтү Кыргыз Республикасынын Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнүн темасы болгон “ВИЧ-инфекциясын бирге токтотолу” деген темадагы ВИЧ эпидемиясына улуттук жооп кайтарууда жамааттардын маанилүү ролун колдойт. Мындай жамааттар, өзгөчө жарандык коом уюмдары опузалоо жана дискриминация коркунучунун алдындагы калктын эң аялуу катмарларына коопсуз жайларды жана достук кызматтарды сунушташат. 

 

Акыркы 20 жылдын ичинде Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасы менен ВИЧ/СПИДди алдын алуу, дарылоо жана көз салуу боюнча сапаттуу кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн АКШ Президентинин СПИДге каршы күрөшкө жардам берүү боюнча өзгөчө планы (PEPFAR) аркылуу өнөктөштүктө болуп келет. 

 

2023-жылы Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүн белгилеп жатып, АКШнын Кыргыз Республикасындагы Миссиясы ВИЧке каршы улуттук программада жана бүткүл дүйнөлүк деңгээлде теңдикти бекемдөө, кеңейтүү жана тең укуктуулукту камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн саясий, программалык жана каржылык башчылыгын жана бүтүндөй саламаттык сактоо системасын колдоого өзүнүн милдеттенмесин ырастайт. 

 

Системалык тоскоолдуктарды жоюу үчүн АКШ өкмөтү Кыргыз Республикасы менен ВИЧ/СПИДге каршы аракеттенүүдө теңчиликти жана туруктуулукту түзүү үчүн ВИЧ/СПИДге каршы аракеттенүүдө инновациялык ыкмалар аркылуу ВИЧтин өзүн өзү тестирлөө аркылуу өнөктөш болуп келет, бул адамдарга ВИЧке каалаган жерде жана каалаган убакта тест жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Кошумчалай кетсек, АКШ ВИЧ-илдетин жуктуруп алуу коркунучун бир топ төмөндөтүүчү алдын ала профилактикага (PrEP) жетүүнү жакшыртууну колдоочу өнөктөш болуп саналат. Мындай стратегиялар жана башка аракеттер Кыргыз Республикасында жана Борбор Азиянын жана Чыгыш Европанын башка өлкөлөрүндө байкалып жаткан ВИЧ илдетинин жаңы учурларынын санын кыскартууга багытталган. 

 

PEPFAR боюнча маалымат 

 

PEPFAR – бул АКШ өкмөтүнүн ВИЧ/СПИДдин пандемиясын азайтуу жана көзөмөлдөө демилгеси жана тарыхтагы бир ооруга каршы күрөшүү боюнча ар бир элдин эң чоң милдеттенмеси. Кыргыз Республикасында PEPFAR АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлору жана АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги тарабынан ишке ашырылат. ЮНЭЙДСтин маалыматы боюнча, PEPFAR 2004-жылы туу чокусуна жеткенден бери СПИДге байланыштуу глобалдык өлүмдөрдү 64 пайызга кыскартууга жардам берди, ал эми ВИЧ илдетинин жаңы учурлары дүйнө жүзү боюнча 52 пайызга кыскарды. 

Көбүрөөк маалымат алуу үчүн www.pepfar.gov сайтына кириңиз жана Twitter, Facebook жана Instagram баракчаларында PEPFARга көз салыңыз. 

 

Колдонула турган хэштегтер: #PEPFAR20, #EndAIDS2030, #PEPFARSSavesLives 

###