АКШ деңиз жөө аскерлери Кыргызстандагы ата энесиз калган балдардын камын көргөн Бишкектеги SOS балдар айылы бейөкмөт уюмундагы балдарга АКШ элчилиги жамааты чоглуткан оюнчуктарды жана башка керектүү буюмдарды жеткирип беришти.
Буюмдар кайрымдуулук аракети, жыл сайын бүткүл дүйнө жүзүндө өтүүчү «Бөбөктөргө арналган оюнчуктар» аттуу долбоордун алкагында 2019-жылдын 14-декабрында орун алган.
Балдар АКШ деңиз жөө аскерлерине кыргыз маданияты тууралуу баяндап, «Манас» эпосунан үзүндү айтып беришип, жана «Ордо» оюнун көрсөтүп өз кубанычын билдиришти. Аягында, АКШ жөө аскерлери бардар менен бирге «Кара жорго» бийин бийлешти.
«Майрамдар жакындаган сайын, коомдун бир бөлүгү болуу канчалык маанилүү экени биздин оюбузга түштү,» – деди АКШ аскерлеринин бири. «Биз «Бөбөктөргө арналган оюнчуктар» долбоорунун кубанычын Бишкекте жайылтууга мүмкүнчүлүгүз бар экенине чоң кубанычтабыз».
АКШ элчилиги быйылкы жылдагы долбоорго кошкон салымдары үчүн АКШ жана Кыргызстан жарандарына терең ыраазычылыгын билдирет.