АКШ деңиз жөө аскер корпусунун генерал-майору Майкл Ленгли Кыргыз Республикасына иш сапары менен келди

Деңиз жөө аскер корпусунун генерал-майору Майкл Ленгли
Деңиз жөө аскер корпусунун генерал-майору Майкл Ленгли

27-28-февралда АКШнын Борбор командачылыгын пландоо жана саясат боюнча директору, деңиз жөө аскер корпусунун генерал-майору Майкл Ленгли Ташкентте болуп өткөн Борбор жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн коргоо ведомстволорунун башчыларынын конферециясына катышкандан кийин Кыргыз Республикасына келип куралдуу күчтөрүнүн жетекчилери менен жолукту. Бишкекте болгон иш сапары учурунда генерал-майор Ленгли Кыргызстандын Башкы штабынын жетекчилери менен эки тараптуу талкууларга катышып, Улуттук гвардиянын командачысы полковник Талант Эргешовдун коштоосунда терроризмге каршы аскердик даярдык менен танышуу максатында атайын “Пантера” бригадасынын өнөрлөрүн көрдү.

Генерал Ленглинин сапары Америка Кошмо Штаттары менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө жана эки тараптуу мамилелерди кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо максатындагы АКШнын жогорку даражадагы бир катар өкмөт кызматкерлеринин сапарларынын бири болуп саналат. АКШнын Борбор Азия менен кызматташуусу бул маанилүү региондогу өлкөлөрдүн көз карандысыздыгын, эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн колдоого багытталат жана коопсуздукка коркунуч жарата турган күтүүсүз кырдалдарга туруштук берүүгө өбөлгө түзөт деп белгиледи генерал-майор. Ал ошондой эле Борбор Азия мамлекеттери негизги стратегиялык өнөктөштөр катары аймактагы коопсуздукту жана туруктуулукту сактоого олуттуу салым кошкондорун белгиледи. Атап айтканда, генерал Ленгли 2017-жылы бийлик ийгиликтүү демократиялык жол менен өткөрүлүп берилгенин мисал кылып, Кыргызстан Борбор Азияда демократия лидери болгонуна баа берди.

Борбор жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн коргоо ведомстволорунун башчыларынын конферециясы ошол өлкөлөрдүн борбор шаарларында кезек менен жыл сайын өтө турган иш-чара. Быйылкы конференцияны АКШнын Борбордук командачылыгынын (CENTCOM) башчысы аскер генералы  Жозеф Вотел Өзбекстан Коргоо министрлиги менен биргелешип Ташкентте уюштурган. Бул жыйын Вотел мырзага региондун жогорку даражадагы аскер башчылары менен Ооганстандагы коопсуздук маселелери боюнча маалымат алмашып учурдагы жана келечектеги кызматташтыктын шарттарын талкуулоого мүмкүнчүлүк берди. Ал ошондой эле АКШлык жана Борбордук жана Түштүк Азиялык өнөктөштөргө билим жана тажрыйба бөлүшүүгө жана өлкөлөрдүн күтүүсүз кырдаалдарга чара көрүүгө биргелешип иштөө жөндөмдүүлүктөрүн күчөтүүгө шарт түзөт. Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын биринчи орун басары полковник Нурлан Кирешеев жыйында Кыргыз аскерлеринин өкүлү болуп Америка Кошмо Штаттарынын жана башка Борбор жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн аскердик жетекчилер менен бир катар жогорку даражадагы жолугушууларды өткөрдү. Америка Кошмо Штаттарынын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) Түндүк-Чыгыш Африкадан баштап Жакынкы Чыгышка жана Борбордук жана Түштүк Азияга чейинки 20 өлкөнү камтыган аймакка жооптуу болгон АКШ Коргоо департаментинин бирдиктүү күжүрмөн командачылыгы болуп саналат.