АКШдан келген ойлоп табуучу Эно Умох учуучу каражаттарды иштеп чыгаруучу технологиялар боюнча семинарларды өткөрөт

15–22 май, 2018 ж. (Бишкек, Кант, Ош, Жалал-Абад – Кыргыз Республикасы) – Кыргыз Республикасындагы АКШ элчилиги учуучу каражаттарды иштеп чыгаруучу технологиялар боюнча бир катар семинарларды өткөрөт. АКШдан келген тренер Ено Унох жаш ойлоп табуучулардын жөндөмдөрүн өнүктүрүү үчүн семинарларды өткөрөт. Бардык иш-чараларга кирүү акысыз.

15-16-майда Бишкектеги Америка Борборунда Эно Унох алмашуу программаларынын бүтүрүүчүлөрү үчүн учуучу каражаттарды иштеп чыгаруучу технологиялар боюнча семинарларды өткөрөт. Ал ушул эле семинарларды Ош Америка Борборунда 18 жана 19-майда өткөрөт.

Бишкек, Жалал-Абад, Кант жана Ош шаарларындагы Америка Борборлорунда Эно Унохдун 17-майдан 21-майга чейин жаш ойлоп табуучулар, мектеп окуучулары, мугалимдер жана кызыкдар болгон адамдар үчүн эки сааттык учуучу каражаттарды иштеп чыгаруучу технологиялар боюнча семинарлар уюштурулат. Семинарлар бүтөөрү менен жаштардын ойлоп табылган өнүмдөрү боюнча көргөзмө өткөрүлөт жана мыкты ойлоп табылган өнүмдөр Эно Унохтон байге алышат. Семинардын катышуучулары кантип учуучу каражаттарын иштеп чыгууну үйрөнүшөт жана жаш ойлоп табуучулар өздөрүнүн өнүмдөрүн көрсөтө алышат. Өнүмдөрдү ойлоп табуу жаш ойлоп табуучулар маанилүү ролду ойногон мамлекеттин экономикалык өнүгүүсүнө түрткү бериши мүмкүн.

Эно Умох – абадан сүрөткө тартууну ишке ашырган жана карталарды түзгөн Global Air Media компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири. Унох жумушчулар муктаж болгон дайыма өнүгүп турган жаңы технологиярарды ойлоп табууну студенттерге үйрөтөт. Коммерциялык ишинен тышкары, Унох деген лагерлерди АКШда, Англияда жана Нигерияда балдардын арасында илимди, технологияны, инженерияны жана математиканы илгерилетет. Ошондой эле, ал Балтимор районундагы катаал турмушта жашаган жаштар үчүн сабактан кийинки программаларды өткөрөт. Унох Пуерто Рикодогу болуп өткөн бороондон жана Бирма, Бангладеш качкындар кризисинен кийин учуучу каражаттар технологиясын колдонуп гуманитардык миссиялардын картасын иштеп чыккан. http://globalairmedia.com/

Иш чараларды чагылдырууга кызыккан ЖМКдын өкүлдөрү АКШ элчилигинин басма сөз кызматы менен 0312 597000, 0770 770299 телефондору же BishkekPAS@state.gov электрондук дареги аркылуу байланышса болот.

Иш-чаралардын ирети:

17 май,
бейшемби 10.00-12.00

12.00-14.00 Учак технологиялар боюнча семинары

Өнүмдөрдүн көргөзмөсү

Америкалык борбор
К. Баялинова атындагы Республикалык китепкана
Огонбаева көч. 242

17 май,
бейшемби 15.00-17.00

17.00-18.30 Учак технологиялар боюнча семинары

Өнүмдөрдүн көргөзмөсү

Америкалык борбор
Чуй областтык китепкана
Маликова көч. 5

20 май,
жекшемби 10.00-12.00

12.00-14.00 Учак технологиялар боюнча семинары

Өнүмдөрдүн көргөзмөсү

Америкалык борбор
Т.Сатылганов атындагы Ош областтык китепкана
Курманжан Датка көч. 271

21 май,
дуйшөнбү 10.00-12.00

12.00-13.30 Учак технологиялар боюнча семинары

Өнүмдөрдүн көргөзмөсү

Америкалык Борбор
Жалал-Абал мамлекеттик университети
Ленина көч. 57