АКШ өкмөтүнүн колдоосу аркылуу Юстиция министирлигинин соттук экспертизалардын Мамлекеттик борборунун имаратынын ачылышы

2017-жылдын 25-январы

Бишкек, Кыргыз Республикасы: 25-январда, АКШнын элчиси Шейла Гуолтни Юстиция министирлигинин алдындагы соттук экспертизалардын Мамлекеттик борборунун ачылыш аземине катышты. Жаңы имарат АКШ өкмөтү тарабынан каржыланып, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Баңгизат жана Кылмыш боюнча башкармалыгынын (БКБ) долбоорунун алкагында ишке ашырылды.

Элчи айым  өзүнүн сөзүндө “2016-жылдын 27-декабрында биз Америка Кошмо Штаттары менен Кыргыз Республикасынын эки тараптуу дипломатиялык мамилелеринин жыйырма беш жылдык мааракесин майрамдадык, – деп белгилеп кетти. – Биз Юстиция министирлиги менен болгон кызматташтыкты бул долбоордун эн маанилүү бөлүгү деп эсептейбиз.  Соттук-эксперттик  лабараторияларында алынган объективдүү изилдөөлөр, адилеттүү сот процесстерин жана мыйзамдуулукту камсыз кылууда абдан маанилүү ролду ойнойт. Ушул себептен, биз криминалистика кесиптик кызматташуусун жакшыртуу максатында, Кыргызстанга мындан ары да жардам берүүгө ниеттенет”, – деди элчи Гуолтни.

АКШ өкмөтү тарабынан БУУнун БКБ долбоорунун алкагында 2014-жылдан бери Юстиция министирлигине 1 500 000 АКШ долларлык ар тараптуу жардам берилди, анын ичинен 630 000 АКШ доллар Кыргыз Республикасынын соттук экспертиза кызматынын өнүгүшүнө көмөктөш болгон имаратынын курулушуна сарпталган.

Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министири Олег Панкратов, Юстиция министири Уран Ахметов, өкмөттүн, парламенттин, дипломатиялык миссиялардын жана БУУ БКБнын өкүлдөрү катышты.