Талас, Кыргызстан – 2018-жылдын 20 сентябрында АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агентигинин (USAID) Кыргыз Республикасындагы башчысы Гэри Линден жана КР Өкмөтүнүн Талас облусу боюнча ыйгарымдуу өкүлүнүн орун басары Азият Жаркыналиева Талас облусу үчүн 3,6 миң киллограмм азык-түлүк берүү боюнча расмий аземге катышты.
2018-жылы АКШ Өкмөтү Америка элинин атынан Кыргыз Республикасынын элине 75 тонна азык-түлүк берген. Ал тамак-аш USAIDдин «Тынчтык максатында азык-түлүк» программасынын «Азык-түлүктөн жардам көрсөтүү боюнча эл аралык өнөктөштүк» демилгесинин алкагында берилди. Кыргызстанда аталган программаны америкалык «Ресурс энд Полиси Иксчейндж» бейөкмөт уюму жана жерлигиликтүү «Эргэне» коомдук фонду башкарат жана бүткүл өлкө боюнрча бөлүштурүлүшүн көзөмөлдөйт.
«Азык-түлүктөн жардам көрсөтүү боюнча эл аралык өнөктөштүк» – бул даяр азыктардын АКШнын коммерциялык эмес жана коомдук эл аралык уюмдар тарабынан өндүрүлүшүн, ташып жеткирилишин жана бөлүштүрүлүшүн колдогон USAID программасы. Берилген Harvest Lentil Pro аттуу азык америкалык Бридлав Дегиррейтед Фудс компаниясы тарабынан өндүрүлөт. Ар бир пакет кургатылган сабиз, пияз, күрүч жана жасмыкты камтыйт.
Кыргыз Республикасында «Азык-түлүктөн жардам көрсөтүү боюнча эл аралык өнөктөштүк» программасы медициналык мекемелерде дарыланып жатышкан бейтаптардын, ошондой эле социалдык жардам мекемелериндеги адамдардын тамак-ашынын жакшырышына жакшы шарт түзөт.
Берилген азык кургак учук бейтапканалары, карылар үйүн, балдар үйү, мектеп-интернаттар, социалдык коргоо жана психологиялык колдоо мекемелер сыяктуу өлкө боюнча 96 мекемеге жеткирилет. Талас облусунда бул азык түрдүү 10 мекемелерге таратылат.
2006-жылдан тартып Кыргызстанга «Тынчтык максатындагы азык-түлүк» программасынын алкагында 770 тонна азык-түлүк алып келинди. Ал 50 миң кишиге жетээрлик 39 миллион порцияны түзөт. 1992-жылдан тартып Америка эли Кыргыз Республикасынын элин жана өкмөтүн колдоо боюнча программалар жана иш-чараларга болжол менен 2 миллиард АКШ долларын болүп берген.