АКШ Өкмөтү Кыргызстандагы адамдарды сатууга каршы аракеттенүүгө умтулган жылыштарды тааныйт

25-июнда АКШнын Мамлекеттик департаменти жылдагы дүйнөдө адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча ийгиликтерди жана кыйынчылыктарды чагылдырган жыл сайын чыгуучу 2020-жылдагы «Адам сатуу боюнча баяндамасын» жарыялады. Быйылкы баяндамада КРнын өкмөтүнүн 2019-жылдын адам сатууга каршы күрөшүү боюнча төмөнкү негизги жетишкендиктери камтылган:

  • Адам сатылууга кабылгандар үчүн Улуттук кайрылуу механизмин кабыл алуу, жабырлануучуларды аныктоо жана социалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча расмий саясатты түзүү;
  • эмгекке жана сексуалдык эксплуатацияга байланыштуу адам сатуу боюнча тергөө иштеринин көбөйүшү;
  • Улуттук кайрылуу механизмин ишке ашырууну тездетүү максатында ведомстволор аралык фокус-топту түзүү;
  • соттор тарабынан тергөөчү судьяга берилген оозеки көрсөтмөлөрдү кабыл алуу;
  • жабырлануучуларды коргоо боюнча аракеттердин көбөйүшү;
  • Улуттук кайрылуу механизминдеги балдарды дарылоонун жана аларга жардам көрсөтүүнүн жаңы стандарттарынын пайда болушу; жана
  • адам сатуунун алдын алуу боюнча аракеттерди күчөттү.

КРдагы АКШнын элчиси Дональд Лу белгилеп кеткендей, «Адам сатуу боюнча баяндамада КРнын акыркы жылдагы адам сатууга каршы күрөшүү боюнча аракеттери көрсөтүлгөн, өзгөчө Улуттук кайрылуу механизминин кабыл алынуусу. Толугу менен ишке ашырылгандан кийин, ал адам сатуунун курмандыктарын аныктоону жана колдоону өркүндөтөт. Бул жаңы кайрылуу механизми менен КРнын бийлиги адам сатуу боюнча тергөө иштерин жүргүзүп, бул кылмыштарды жасагандарды жоопко тартат деп үмүттөнөбүз.».

«Адам сатуу боюнча баяндамасы» АКШ өкмөтүнүн адамдарды сатууга каршы күрөшүүгө чет элдик өкмөттөрдү тартуу боюнча негизги дипломатиялык куралы болуп саналат. Бул баяндама эл аралык практикада колдонгон эң мыкты жетишкендиктерге негизделген Кыргыз Республикасына болгон сунуштарды камтыйт. Бул баяндама адам сатууга каршы өкмөттүк аракеттеринин дүйнө жүзүндөгү болгон эң кеңири ресурсу, жана ошондой эле АКШ өкмөтүнүн ушул негизги адам укуктары жана укук коргоо тармагындагы маселе боюнча глобалдык лидерликти жактай тургандыгын чагылдырат. https://www.state.gov/trafficking-in-persons-report/.

Баяндаманын орус тилинде котормосу бул жерде: https://kg.usembassy.gov/ru/our-relationship-ru/official-reports-ru/. Кыргыз Республикасындагы АКШ элчилиги кыргыз тилиндеги котормосун бир аздан кийин өзүнүн сайтында бул жерден чыгарат: https://kg.usembassy.gov/ky/.