АКШ өкмөтү Кыргыз Республикасынын адамдарды сатууга каршы күрөшүүдөгү жетишкендиктерин тааныйт

20-июнда АКШнын Мамлекеттик департаменти жылдагы дүйнөдө адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча ийгиликтерди жана кыйынчылыктарды чагылдырган жыл сайын чыгуучу 2019-жылдагы «Адам сатуу боюнча отчеттун» жарыялды (https://kg.usembassy.gov/wp-content/uploads/sites/190/Kyrgyz-Republic-2019-TIP-Report-Country-Narrative.pdf). Быйылкы отчетто Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн адам сатууга каршы күрөшүү боюнча төмөнкү негизги жетишкендиктери камтылган:

– укук коргоо жана сот органдардын кызматкерлеринин даярдыгын жакшыртуу;

– адам сатуудан жабыркагандардын көбүнө жардам берүү боюнча сунуштар;

– адам сатууга каршы күрөшүү боюнча бир нече аймактык тескөөчү органдарды түзүү;

– сексуалдык максатта балдарды сатуу боюнча тергөө иштердин жүрүшүндө кылмышкерлердин тарабынан күч колдонуу, адамчылык кылуу же мажбурлоо тууралуу далили жөнүндө талаптарды алып салган кайрадан каралган кылмыш кодексин кыбыл алуу;

– адамдарды сатуунун курмандыктары үчүн баш калкалоочу жайларды уюштуруу жана башкаруу стандарттарды түзүү;

– чет өлкөдөгү Кыргыз Республикасынын жарандарынын укутарын колдоо жана коргоо тапшырылган мамлекеттик уюм түзүү.

Кыргыз Республиканындагы АКШнын элчиси Дональд Лу: «Адам сатуу боюнча докладда Кыргыз өкмөтүнүн акыркы жылдагы жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү жана адам сатууга каршы күрөшүү боюнча бир топ аракеттери көрсөтүлгөн. Кыргыз өкмөттү адам сатуунун курмандыктарын тагыраак аныктоо жана колдоо иштерин илгерилетүү максатында Улуттук кординациялык механизмди түзүүдө жигердүү иштеп жатат. Биз алардын иши үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз жана эрежелердин маанилүү жыйындысын тез арада кабыл алынышына ишенебиз».

«Адам сатуу боюнча отчету» АКШ өкмөтүнүн адамдарды сатууга каршы күрөшүүгө чет элдик өкмөттөрдү тартуу боюнча негизги дипломатиялык куралы болуп саналат. Бул отчет өзүнө Кыргыз Республикасы үчүн эл аралык практикада колдонгон эң мыкты жетишкендиктерге негизделген сунуштарды камтыйт. Бул ошондой эле адам укуктары жана укук колдонуу маанилүү маселеде АКШ өкмөтүнүн дүйнөлүк лидерликке умтулуусун чагылдырган адамдарды сатууга каршы күрөш боюнча дүйнө жүзүндөгү өкмөттөрдүн күч-аракеттери жөнүндөгү эң маанилүү ресурс болуп саналат. https://www.state.gov/trafficking-in-persons-report/

Кыргыз жана орус тилдерине которумолору бир нече жумадан кийин даяр болот. Кыргыз Республикасындагы АКШ элчилиги аларды өзүнүн сайтында чыгарат https://kg.usembassy.gov/ky/, https://kg.usembassy.gov/ru/