АКШ өкмөтү адам сатууга каршы аракеттердин күчөтүлгөндүгүн белгиледи

 

1-июлда АКШнын Мамлекеттик департаменти жылдагы дүйнөдө адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча ийгиликтерди жана кыйынчылыктарды чагылдырган жыл сайын чыгуучу 2020-жылдагы «Адам сатуу боюнча отчеттун» жарыялды. Быйылкы отчет Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылы адам сатуу маселесин чечүүгө багытталган күч-аракеттерин таанып, өлкөнү 2-деңгээлге көтөрдү (англис тилинде). Ал төмөндөгү аракеттер:

  • Адамдарды сатууга каршы Улуттук иш-аракеттер планынын долбоорун аяктоо;
  • Адам сатуунун курмандыктарын аныктоо жана аларга кызмат көрсөтүү үчүн Улуттук Рефералдык Механизмдин алкагында жаңы стандарттык иштөө процедураларын (SOP) иштеп чыгуу үчүн 13 мамлекеттик мекеме жана бей өкмөт уюмдар үчүн аянтча түзүү;
  • Жүздөгөн кылмыш иштерин кайра кароо, бул бир нече адам сатуу тергөө иштерин калыбына келтирүүгө алып келди;
  • Куралдуу кагылышуулар болуп жаткан жерлерден ондогон кыргыз балдарын эксплуатациялык жагдайлардан куткарып алып келүү;
  • Адам сатуунун курмандыктары үчүн мобилдик тиркеме жана ишеним телефонун иштеп чыгуу;
  • Адам сатууга каршы 100 күндүк улуттук маалымдоо кампаниясын жайылтуу; жана
  • Социалдык кызматкерлер, укук коргоо кызматкерлери, прокурорлор жана соттор үчүн адам сатууга каршы тренингдери уюштуруу.

2020-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аракеттери олуттуу болсо дагы, жакынкы жылдары Кыргыз Республикасы адам сатууну жок кылуу боюнча минималдуу стандарттарга жооп бериши үчүн, адам сатуу кылмышкерлерин жоопко тартуу, курмандыктарды коргоо жана сатууну алдын алуу боюнча дагы көп иштерди аткарышы керек.

АКШнын Кыргыз Республикасындагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Брайан Стиммлер «Америка Кошмо Штаттары адам сатууга каршы күрөштү саясаттын артыкчылыктуу багыты катары тааныйт,» — деп белгилеп, «Бизди Кыргыз Республикасынын акыркы жылдагы аракеттери шыктандырып, өлкөнүн 2-деңгээлге көтөрүлгөндүгүн кубаттайбыз жана адам сатууну токтотуу жана адам сатуудан аман калгандарга жардам берүү боюнча АКШ менен Кыргызстандын өнөктөштүгү мындан ары дагы өсө берет деп ишенебиз,» — деп кошумчалады.

«Адам сатуу боюнча отчету» АКШ өкмөтүнүн адамдарды сатууга каршы күрөшүүгө чет элдик өкмөттөрдү тартуу боюнча негизги дипломатиялык куралы болуп саналат. Бул отчет өзүнө Кыргыз Республикасы үчүн эл аралык практикада колдонгон эң мыкты жетишкендиктерге негизделген сунуштарды камтыйт. Бул ошондой эле адам укуктары жана укук колдонуу маанилүү маселеде АКШ өкмөтүнүн дүйнөлүк лидерликке умтулуусун чагылдырган адамдарды сатууга каршы күрөш боюнча дүйнө жүзүндөгү өкмөттөрдүн күч-аракеттери жөнүндөгү эң маанилүү ресурс болуп саналат. https://www.state.gov/trafficking-in-persons-report/

Кыргыз жана орус тилдерине которумолору бир нече жумадан кийин даяр болот. Кыргыз Республикасындагы АКШ элчилиги аларды өзүнүн сайтында жарыкка чыгарат https://kg.usembassy.gov/ky/https://kg.usembassy.gov/ru/