30-октябрда Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Джамиля Джаманбаева, Башкы прокуратуранын Окутуу борборунун директору Гүлмира Давлетбаева жана АКШ Элчилигинин Эл аралык баңгизат каражаттарын жүгүртүү менен күрөшүү жана укук коргоо иш-аракеттери бөлүмүнүн директору Сандип Пол Башкы прокуратуранын Окутуу борборуна жалпы наркы 20 000 долларга бааланган заманбап компьютерлерди, проекторлорду жана башка жабдууларды расмий тапшыруу аземине катышышат. Бул жабдуулар Окутуу Борборунун институттук мүмкүнчүлүгүн бекемдөөгө, жана ошондой эле 2019-жылдын 1-январынан күчүнө кирүүчү Кылмыш-жаза кодекси жана Жазык-процессуалдык кодекси боюнча прокуратуранын учурдагы жана жаңы кызматкерлерин окутууга шарт түзөт. Бул иш-чара саат 15:00 дө Башкы прокуратуранын Окутуу борборунда өтөт (Абдымомунов көчөсү 276).
2001-жылдан баштап, Эл аралык баңгизат каражаттарын жүгүртүү менен күрөшүү жана укук коргоо иш-аракеттери бөлүмү мыйзамсыз баңгизат каражаттарын жүгүртүү менен күрөшүүгө, мыйзамдын үстөмдүүлүгүн жайылтууга, ички иштерин жана коомдук коопсуздукту камсыз кылууну реформалоого, жемкорлук жана адам сатуу менен күрөшүүгө көмөктөшүү максатында Кыргыз Республикасына жалпы көлөмү 25 миллион доллар олчомундо техникалык жардам жана каржылык колдоо корсотүп келет.
Бул иш-чараны чагылдырууга кызыккан ММКлар өкүлдөрү АКШ Элчилигинин басма сөз кызматы менен BishkekPAS@state.gov же 0312 597000, 0770 770299 телефондору аркылуу байланышса болот.