19-декабрда Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы полковник Нурбек Абдиев жана АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин Эл аралык баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жана укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгү бөлүмүнүн директору Сандип Пол жалпы наркы 20000 долларды түзгөн эң жаңы үлгүдөгү компьютерлерди, ноутбуктарды, принтерлерди жана башка жабдууларды тапшыруунун расмий салтанатына катышышты. Бул жабдуулар, Кошмо Штаттарынын жана Кыргыз Республикасынын бирден бир максаты болгон, кылмыштарды эффективдүү иликтөөгө жана адамдарды кулчулукка сатууга байланышкан кылмыштар үчүн соттук жазалоого өбөлгө түзөт.
2001-жылдан бери АКШ Мамлекеттик департаментинин Эл аралык баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жана укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгү бөлүмү (INL) Кыргыз Республикасына жалпы наркы 25 миллион доллардан ашкан техникалык жардам жана материалдык колдоо көрсөткөн. Бул өз кезегинде эң маанилүү 5 делген — баңги заттары менен күрөш, мыйзамдын үстөмдүгү, күч органдарын реформалоо жана коомдук тартипти сактоо, коррупцияга каршы күрөш жана адамдарды кулчулукка сатуу – сымал тармакта орчундуу өзгөрүүлөргө алып келген.