АКШ элчилиги бизнести башкаруу боюнча семинар өткөрөт

25-апрелде Америка Кошмо Штаттарынын элчилиги жергиликтүү ишкерлер жана бизнес бирикмеси менен биргеликте АКШнын Эл аралык кызматташтык боюнча агенттигинин  (USAID) каржылык колдоосу менен бизнести башкарууга арналган «Жергиликтүү ишкерлердин глобалдык өнөктөштүккө даярдыгы» аттуу тарыхтагы биринчи ирет семинарды Хаятт Риженси мейманканасынын “Шайыр” залында саат 08:30дан 17:00гө чейин өткөрөт.

Бизнес-пландарды иштеп чыгуу, интеллектуалдык менчикти коргоо, корпоративдик башкаруу, келишимдер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, керектүү деңгээлдеги этияттык жана пикир сунуштоо сымал коммерциалык темаларга арналган презентациялар аркылуу АКШ элчилиги Кыргыз Республикасынын бизнес коомчулугунда потенциал түзүүгө умтулат. Сөз сүйлөөчү билдириүүчүлөр жергиликтүү ишкерлерди, алар чет элдик уюмдарга ишенимдүү өнөктөш экенин далилдөөгө мүмкүнчүлүгү болгудай кылып даярдашат. Катышуучулар эл аралык франшизалардын ээлеринен франчайзинг тууралуу маалымат алып, аларга чет элдик корпорациялар менен ийгиликтүү өнөктөштүктүн көйгөйлөрү менен артыкчылыктары тууралуу маалымат берилет.

Семинар АКШ элчилиги инвестициялык климатты жана бизнес чөйрөнү чет элдик инвесторлор менен бизнес өнөктөштөрдү тартууга багыттап баштаган коммерциялык өнүктүрүү боюнча кенен стратегиясынын бир  бөлүгү болуп эсептелет. Бул стратегия 2019-жылдын 10-октябрында Бишкекте өтө турган «Эл аралык франчайзинг жана соода көргөзмөсүнө» ийгиликтүү негиз түзүп берет.

Семинарга катышуу чакыруу аркылуу гана мүмкүн, бирок бардык ММКлар катышып окуяны чагылдыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Катышуучу катары тандалган бизнес-лидерлер интервью берүүгө ачык. Кириш сөз саат 09:00дө башталат.

ММКлар АКШнын Кыргыз Республикасынын элчилигинин басма сөз кызматына BishkekPAS@state.gov дареги аркылуу кайрыла алышат.

Семинар тууралуу толугураак маалымат алуу үчүн  АКШ элчилигинин коммерциалык бөлүмү менен байланышыңыздар: 2019BusinessSeminar@state.gov