АКШ элчилиги биринчи «Эл аралык франчайзинг жана соода ЭКСПОсун» Бишкекте уюштурууну көздөөдө

10-октябрда АКШ элчилиги ЖИА бизнес-ассоциациясы менен биргеликте, жана АКШнын Эл аралык кызматташтык боюнча агенттигинин (ЮСАИД) каржылык колдоосу менен, жана жергиликтүү ишкер өнөктөштөдүн көмөгү менен тарыхтагы биринчи ирет өткөрүлө турган Эл аралык франчайзинг жана соода көргөзмөсүн (ЭКСПО) “Дасмия” улуттук-маданий борборунда саат 9:00дөн 17:00гө чейин өткөрүүнү көздөөдө.

Ондогон чет жердик компаниялар, алардын ичинде АКШ, Улуу Британия , Швейцария , Италия, Чехия жана Түштүк Кореядан келген компаниялар,  АКШ элчилигинин Кыргыз Республикасындагы жана Борбор Азиядагы ишкердүүлүктү жандандырууга багытталган кеңири вазипасынын алкагында ЭКСПО көргөзмө залында өз өнүмдөрүн жана кызматтарын сунуштайт.

Көрүнүктүү өнөржай ишканалары көргөзмөдө франшизаларды, азыктарды жана суусундуктарды, маалымат технологияларын, бизнести өнүктүрүү, айыл-чарба техника, логистика жана курулуш жумуштарын тартуулашат. Иш чарага миңден ашуун кыргызстандык жана борбор азиялык ишкерлердин катышуүсу күтүлүүдө. Ошондой эле, көргөзмөдө тармактык багыттарга арналган  талкуулар өткөрмөкчү, алар эл аралык жана жергиликтүү ишкерлердин катышуусу менен, андан сырткары АКШнын экспорттук банкынын (EXIM) жана ЮСАИД дин колдоосу менен уюштурулуп, каржылоо чечимдери жана бизнести өнүктүрүүнүн башка жолдоруна арналат.

ЭКСПО көргөзмөсү – кызматташуу, соода, франчайзинг жана кыргыз жана Борбор Азиянын базарында жергиликтүү кызматташтыкты изилдөөгө багытталган АКШ элчилигинин бил жылга созулуп, чет жердик инвесторлор менен бизнес өнөктөштөрдү  тартуу, инвестициялык климатты жана бизнес айлана-чөйрөнү жакшыртууга багытталган стратегиясынын туу чокусу. Ошол эле жерде 11-октябрда, ЖИА бизнес ассоциациясы эки жыл ичинде үчүнчү жолу, жаңы алдыңкы бизнес-долбоорлорду жана мыкты бизнестерди даректүү инвесторлор менен байланыштыруу максатында Бишкек инвестициялык форумун (БИФ) өткөзөт.  ЭКСПО/ БИФ иш чараларына кирүү маалымат каражаттарынын өкүлдөрү үчүн акысыз. Катталуу үчүн электрондук дарек — JIA.bishkek@gmail.com. Кириш сөз саат 10:05те башталат.

ММКнын суроолору боюнча АКШ элчилигинин маалымат кызматынын BishkekPAS@state.gov дарегине кайрылсаңыз болот. ЭКСПО боюнча толук маалыматты АКШ элчилигинин экономика бөлүмүнө кайрылсаңыз болот: BishkekCommerce@state.gov