2022-жылдын 27-апрели – Бүгүн Бишкекте АКШ элчилигинин, БУУнун Баңгизаттарга жана кылмыштуулукка каршы башкармалыгынын (БКБ) жана Кыргызстандын Өкмөтүнүн өкүлдөрү Кыргызстандын өкмөтүнө коррупциялык амалдардын натыйжасында пайда болгон активдерди кайтарып алууга көмөктөшүү боюнча жаңы долбоорду ишке ашыруу үчүн аракеттерин бириктиришти. Бул демилге Башкы прокуратуранын, Финансылык чалгын мамлекеттик кызматынын жана Ички иштер министрлигинин ортосундагы мекемелер аралык кызматташууну жакшыртуу, ошондой эле тергөө жана соттук куугунтуктоону жүргүзүүдө алардын дараметин күчөтүү жана чет элдик өнөктөштөр менен кызматташуу аркылуу Кыргызстанга уурдалган мүлктөрдү кайтарууга жардам берет.
Иш-чаранын жүрүшүндө, АКШнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу Кристиан Мур катышуучуларга Кыргыз Республикасындагы укуктук системаны жана сот адилеттигин чыңдоо боюнча жүргүзүп жаткан иштери үчүн ыраазычылык билдирип, «Кыргыз Республикасы коррупцияга каршы күрөшкө артыкчылык берээрин, ал эми Америка Кошмо Штаттары өлкөнү колдоого даяр экенин» баса белгиледи.
АКШ Мамлекеттик Департаментинин Эл аралык баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү жана укук коргоо бюросунун каржылык колдоосу алдында БУУ БКБ, Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен өнөктөштүктө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө уурдалган мүлктөрдү жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди кайтарууда колдоо көрсөтүү максатында «Коррупциялык аракеттердин натыйжасында алынган мыйзамсыз мүлктөрдү табуу, конфискациялоо жана кайтаруу жаатында Кыргыз Республикасына колдоо көрсөтүү» долбоорун башташты.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Эл аралык-укуктук кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Асылбек Акматов: «Кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга каршы күрөшүү жана уурдалган мүлктөрдү Кыргыз Республикасына кайтаруу – бул Башкы прокуратуранын артыкчылыктуу милдеттеринин бири. Бул багытта учурда Башкы прокуратура мекемелер аралык топтун ишин жетектеп, координациялоодо», – деди.
Чогулгандардын алдында сүйлөгөн сөзүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Канатбек Тургунбеков катышуучуларды ФЧМК коррупциялык иштердин натыйжасында мыйзамсыз алынган мүлктөрдү аныктоо, конфискациялоо жана кайтаруу жаатындагы бардык жигердүү демилгелерди колдоого жана ишке ашырууга ар дайым даяр экендигине ишендирди. «Биз бул көйгөйдү ийгиликтүү чечип жаткан башка өлкөлөр жана эл аралык эксперттер менен чогуу изилдөөгө жана тажрыйба алмашууга кубанычта болобуз, алар Кыргыз Республикасына бул көйгөйдү изилдөөгө жардам берип, бул чөйрөнү мындан ары өркүндөтүүгө мүмкүндүк берет», – деп билдирди ал.
Долбоордо мыйзамдык негизди жакшыртуу; аналитикалык, тергөө, прокурордук, техникалык жана кадрдык дараметти чыңдоо; коррупцияга байланыштуу кылмыш иштеринин реестринде каражаттарды кайтаруу компонентин иштеп чыгуу; мекемелер аралык кызматташтыкты чыңдоо жана эл аралык кызматташтыкты активдештирүү каралган.
БУУ БКБнын Кыргыз Республикасындагы Программалык кеңсесинин жетекчиси Андрей Селезнев катышуучуларга долбоорду сунуштоосу кызуу талкуу менен коштолду.
«Уурдалган каражаттарды кайтарып алуу боюнча өлкөнүн дараметин жогорулатуу, анын ичинде укук коргоо органдарынын мыйзамдык, аналитикалык, тергөө, соттук жана техникалык дараметин жана мекемелер аралык кызматташууну өркүндөтүү абдан маанилүү, анткени бул – коррупцияга каршы күрөштө ийгиликтин ачкычы. Бул аракеттер Туруктуу өнүгүүнүн жалпы максаттарына жана 2030-жылга чейинки күн тартибине жетишүүгө өбөлгө түзөт», – деп баса белгиледи Андрей Селезнев.
Долбоор №16 Туруктуу өнүгүү максаты болгон: «Тынчтык, адилеттүүлүк жана адилеттүү институттар. Туруктуу өнүгүү үчүн тынчтык жана ачык коомду түзүүгө көмөктөшүү, бардык адамдар үчүн сот адилеттигине жетүүнү камсыз кылуу жана бардык деңгээлдеги натыйжалуу, отчеттуу жана биргелешкен институттарды куруу», 2030-жылга чейин мыйзамсыз финансылык жана курал-жарак агымын олуттуу кыскартуу, уурдалган каражаттарды табуу жана кайтаруу боюнча аракеттерди күчөтүү жана уюшкан кылмыштуулуктун бардык түрлөрү менен күрөшүү.
***
Кошумча маалымат алуу үчүн Коомчулук жана ЖМК менен байланыштар боюнча координатор
Василина Бражко менен байланышыңыз
+996775987817 ВотсАпп