АКШ ЭЛЧИЛИГИ 14-БҮТКҮЛ РЕСПУБЛИКАЛЫК АНГЛИС ТИЛ МУГАЛИМДЕРИНИН КОНФЕРЕНЦИЯСЫН КОЛДОЙТ

Кыргыз Республикасынын бардык аймактарынан келген 150 англис тил мугалимдери 14-бүткүл республикалык жыйынында новатордук окутуу ыкмалары менен таанышып, келечекте кызматташуу тармактарын кенейтүүгө мүмкүнчүлүк ала алышат. Жаш мугалимдердин бирикмеси тарабынан уюштурулуп жаткан конференция АКШ элчилигинин колдоосу менен, 26-27 июнда И.Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университетте өтөт.

“Интегралдык билим берүү үчүн алдынкы демилгелер” конференциясында төмөнкү темалар камтылат: “Жазуу көндүмдөрү”, “Билим берүү саясаты”, “Илим, Технология, Инженердик-техникалык, жана Математикалык окутуу”, “ Билим берүүнүн Борбор Азиядагы азыркы абалы”, жана “Англис тилин окутууда көркөм маданиятын колдонуу”.

Конференцияда жергиликтүү жана чет өлкөлүк эксперттер катышышат. Алардын ичинде  АКШнын Мамлекеттик департаменти тарабынан каржыланган жогорку квалификациядагы төрт англис тил мугалимдери да бар.

Эки күндүк конференцияда катышуучулар жергиликтүү жана чет өлкөлүк эксперттер менен билим берүү чөйрөсү тууралуу топ талкууларга катышышат. Ошондой эле, алар билим берүү жарманкесин көрүүгө мүмкүнчүлүк алышып, Кыргызстанда иноватордук билим берүүнү түрткү кылган долбоор аткаруучулардын көргөзмөсүн жана жетишкендиктерин көрө алышат.

Бул иш-чара АКШ Элчилигинин колдоосу менен, Lingua фонду менен,  Arcus басып чыгаруусу менен жана эл аралык Macmillan Education, Cambridge University Press жана Oxford University Press басмалардын өкүлдөрү менен өтүп, лотерея менен аяктайт.

Бул иш-чараны чагылдырууга кызыккан ММКлар өкүлдөрү АКШ Элчилигинин басма сөз кызматы менен BishkekPAS@state.gov же 0312 597000 телефондору аркылуу байланышса болот.