Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилиги 2019-жылдын 28-февралында англис тилин окууну колдоо үчүн бир канча улуттук сынактардын демөөрчүсү болду. Иш-чаралардын туу чоккусу, “I Love English 2019” видеосынагынын сыйлык берүү аземи 2019-жылдын 28-февралында Баялинов атындагы балдар жана жаштар китепканасында жайгашкан Америка Борборунда өткөрүлдү. Жыл сайын өткөрүлгөн выдеосынак 2018 – жылдын 1 – декабрынан баштап 2019-жылдын 15-январына чейин болуп, “Лингва англис тили мектеби” Коомдук Фонду менен Кыргыз Республикасындагы АКШ элчилигинин колдоосу менен, Илим берүү жана билим министрлиги жана Бишкек шаар Мэриясынын билим берүү башкармасы менен өнөктөшүп өткөрүлдү.
I Love English 2019 видеосынагы 11-февралдан баштап 22-февралга чейин жарыяланган “Англис тил он күндүгү” алкагында болуп өттү. Сынактын Facebook социалдык тармагындагы баракчасында эки жүз элүүдөн ашкан видеолор тартууланды. Кыргыз Республикасындагы АКШ элчилигинин өкүлдөрүнөн жана фильм жана медиа тармагындагы адистерден түзүлгөн комиссия “күлкүлүү”, “романтикалуу”, “өзгөчө оригиналдуу” деген үч категорияда, ошондой эле сынактын Гран-при номинациясында жеңүүчүлөрдү тандап алышты. “Көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө тарткан” видео болуп Facebook социалдык тармагындагы сынак баракчасында эң көп сүймөнчүлүккө, көрүүлөргө жана ой-пикирлерге ээ болгон видеоролик тандалды.
Отуз эки англис тили мугалимдери окуучулардын англис тилин эл аралык сүйлөшүү тили катары танышын жана америка маданиятынын ар кандай аспекттары менен танышышын өздөрүнө максат кылып коюп, сабак план-конспекттарын түзүп чыгышты. Эң мыкты сабак пландардын ээси болгон алты башталгыч жана орто мектеп мугалимдери сыйлыктарды алышты. Бишкек шаар Мэриясынын билим берүү башкармасынын жана АКШ элчилигинин өкүлдөрүнөн түзүлгөн комиссия сабак пландарынан эң мыктыларын тандап алышты.
Кыргыз Республикасынын орто мектептеринде Америка ыр сынактары, викториналар, дебаттар, дубал баракчалар конкурстары жана башка көптөгөн интерактивдүү иш-чаралар өткөрүлүп жатат. АКШ элчилигинин дипломаттары жана Тынчтык Корпусунун волонтерлору орто мектептерде уюштурулган иш-чараларда катышууда.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасындагы АКШ элчилиги орто мектеп мугалимдери жана окуучулары үчүн “I love English because…” темасындагы эң мыкты дубал баракчалары сынагын жана жогорку билим берүү жерлеринин англис тили мугалимдери үчүн “I love teaching English because…” деп аталган эссе сынагын жарыялады. Кошумча маалымат Facebook социалдык тармагындагы сынак баракчасында тартууланган.