Америка Кошмо Штаттары Сооронбай Жеенбековду 15-октябрда өткөн тарыхий шайлоодо Кыргыз Республикасынын президенти болуп шайланганы менен куттуктайт. Шайлоонун тынч өткөнү жана шайлоого катышкандардын жогору саны Кыргыз Республикасынын элинин демократиялык жолун улантууга болгон умтулуусун дагы бир ирет тастыктайт. Биз Кыргыз Республикасында бийликтин демократиялык жол менен алмашуусуна, шайлоонун туура өтүсүүнүн пайдубалын түптөөгө салымын кошкон тийешелүү жоопкер кызматкерлерге жана ошондой эле, жарандык коомдун көзөмөлдөөдөгү маанилүү ролуна жогору баа беребиз. Кыргыз Республикасынын өкмөтү жана эли бул шайлоону ийгиликтүү өткөргөнү менен сыймыктанууга укуктуу.
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) биргелешкен байкоочу миссиясы шайлоо жараяны ачык өтүп жана “бийликтин бир шайланган президенттин колунан экинчи президентке иреттүү түрдө өткөрүлүшү камсыздалды” деп таап, ошол эле учурда, миссия кийинки шайлоого чейин оңдоого муктаж болгон кемчиликтерди аныктады. Биз Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясын ар бир мыйзам бузуу жана түшкөн арыз боюнча ачык иликтөө өткөрүүгө чакырабыз.
Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасынын жаңы шайланган президенти менен эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана өлкөнүн уланып жаткан демократиялык өнүгүүсүн алдыга жылдырууга, туруктуулуктуу жана өлкөнүн ар тараптуу экономикалык гүлдөшүнө шериктеш болууга даяр.