Шарттарды кабыл алуу
Бишкектеги АКШ элчилигинин Facebook, Instagram, Twitter, YouTube жана Telegram баракчаларына («Сайттар») кош келиңиздер! АКШнын Мамлекеттик департаменти бул тейлөө кызматын Мамлекеттик департамент тарабынан мезгил-мезгили менен эскертүүсүз жаңыртылып турган төмөнкү Колдонуу шарттарына (КШ) ылайык камсыз кылат. Колдонуу шарттарынын учурдагы версиясы менен сиз каалаган убакта Бишкектеги АКШ элчилигинин веб-сайтынан тааныша аласыз.
Максат
Бишкектеги АКШ элчилигинин Сайттарынын максаты – АКШ элчилиги тарабынан Кыргызстандын жана АКШнын жарандарына маалымат үчүн, ошондой эле Кыргызстандын жана АКШ жарандарынын өз ара аракеттенүүсү, АКШ элчилиги менен формалдуу эмес, цивилизациялык формада пикир алмашуусу жана баарлашуусу үчүн формалдуу эмес платформаны камсыз кылуу. Биз АКШнын саясатын колдогон да, сындаган да пикирлерди камтышы мүмкүн болгон учкул талкууну жана дебаттарды кубаттайбыз. Бирок, башка инсандарга же топторго карата сый-урматсыз же кара ниет сөздөрдү айтууга жол берилбейт.
Тейлөө кызматынын сыпаттамасы
Бишкектеги АКШ элчилигинин сайттары Facebook, Instagram, Twitter, YouTube жана Telegram платформаларында иштейт. Алар өз колдонуучуларына түрдүү функцияларды, бирок алар менен чектелбестен, анын ичинде: видео жана фотографиялар менен бөлүшүүнү, жамааттык блогго кирүүнү, талкуу форумун, билдирүүлөр менен алмашууну, АКШ элчилигиндеги окуялар жана иш-чаралар жөнүндө чат сүйлөшүүлөрүн жана маалымдамаларын камсыз кылат. АКШнын Мамлекеттик департаменти түйүндүн катышуучуларына эскертүүсүз каалаган убакта баракча тарабынан берилген функциялардын түрлөрүн өзгөртүү укугун өзүнө калтырат.
Социалдык түйүндөрдөгү баракчалардын купуялуулук саясаты
Facebook, Instagram, Twitter, YouTube жана Telegramды колдонуп же ага кирүү мүмкүндүгүн алуу менен сиз ар бир платформанын купуялык саясатында айтылган иш-аракеттерге макулдугуңузду билдиресиз.
Өз тобокелдигиңизге алып, ар бир платформага маалыматты, дайын-даректерди, билдирүүлөрдү же башка материалдарды (мындан ары – «Контент») ар бир платформанын шарттарына ылайык аларга жайгаштырасыз. Платформалар сиздин баракчаларыңызга кирүү мүмкүнчүлүгүн чектеген купуялык параметрлерин белгилөөгө мүмкүндүк бергенине карабастан, эч бир коопсуздук чаралары мыкты жана кемчиликсиз болушу мүмкүн эмес экенин эске алыңыз. Биз өзүңүздүн баракчаларыңызды жана маалыматыңызды бөлүшө турган башка колдонуучулардын аракеттерин көзөмөлдөй албайбыз. Ошондуктан, биз сиз тарабынан ар бир платформада жайгаштырылган Колдонулуучу контент бөтөн адамдар тарабынан көрүлбөйт деп кепилдик бере албайбыз жана бербейбиз.
Коопсуздук
Бишкектеги АКШ элчилигинин сайттарына катышуу ыктыярдуу болуп саналат. Сиз каттоо маалыматтарыңыздын купуялуулугун сактоо жана логиниңиздин астында орун алган бардык иш-аракеттер үчүн жоопкерчиликти өзүңүзгө аласыз. Сиз логиниңизди же катталган жазууларыңызды ар кандай уруксатсыз колдонуу же коопсуздуктун башка бузуулары жөнүндө токтоосуз платформага кабарлашыңыз керек. Сиз тарабынан бул бөлүмдү аткарбагандыктан келип чыккан жоготуулар же зыян үчүн Мамлекеттик департамент эч кандай жоопкерчилик тартпай турганына макулдугуңузду бересиз. Ар бир платформанын коопсуздугун камсыздоо методу жөнүндө кошумча маалымат алуу үчүн алардын тейлөө шарттары жана колдонуу шарттары менен таанышып алыңыз.
Катышуучунун жүрүм-туруму
Коомчулук тарабынан же жеке тартипте жайгаштырылган Контент үчүн жоопкерчилик мындай Контентти жайгаштырган же жөнөткөн адам гана жоопкерчиликтүү экенин толук түшүнөсүз. Бул, Мамлекеттик департамент эмес, сиз Сайттар аркылуу жайгаштырган, электрондук почта аркылуу жөнөткөн же башка жол менен жеткиликтүү кылган бардык Контент үчүн толук жоопкерчиликти өз мойнуңузга ала тургандыгыңызды билдирет.
Сиз Сайттарды ушул Колдонуу шарттарында баяндалган чектөө максаттарынын алкагынан тышкары колдонбоого макул болосуз. Мисалы, сиз бул Сайттарды төмөнкү максаттар үчүн колдонбоого макулсуз:
- кайсы бир адамга же адамдардын тобуна зомбулук көрсөтөм же зыян келтирем деп коркутууларды; адепсиз, абийирсиз же уятсыз материалдарды; алдамчылык билдирүүлөрдү; адепсиздик же мазактоочу же кемсинткен сөздөр же эпитеттер катары түшүнүлгөн терминдерди жарыялоо же башка жол менен жеткиликтүү кылуу;
- өзүңүздү кандайдыр бир реалдуу адам, уюм, корпорация, өкмөт же алардын өкүлү катары көрсөтүү;
- жеткиликтүү кылууга укугуңуз жок болгон ар кандай Контентти, анын ичинде алардан тышкары, интеллектуалдык менчик же башка мүлктүк укуктар менен чектелген материалдарды, жашыруун же мыйзам тарабынан башка түрдө корголгон материалдарды, же болбосо келишимдик же фидуциардык милдеттенмелер менен корголгон материалдарды жайгаштыруу же башка жол менен жеткиликтүү кылуу;
- өзүңүз же башкалар жөнүндө туура эмес максаттарда, мисалы, өздүк маалыматтарды уурдоо үчүн колдонулушу мүмкүн болгон маалыматты, анын ичинде виза алууга берилген арыз тууралуу маалыматты жайгаштыруу же башка жол менен жеткиликтүү кылуу (бул чектөө сизди жана башкаларды коргоо үчүн арналган);
- ар кандай жарнамалык, коммерциялык материалдарды, «керексиз почтаны», «спамды», «бакыт каттарын», «финансы пирамидаларын» же кызматташууга карата башка түрдөгү чакырууларды жарыялоо же башка жол менен жеткиликтүү кылуу;
- кандайдыр бир компьютердик программалык камсыздоону же аппараттык же телекоммуникациялык жабдууларды үзгүлтүккө учуратууга, жок кылууга же чектөөгө багытталган, же купуя маалыматты чогултуу же жеке компьютердик системаларга артыкчылыктуу мүмкүнчүлүк алуу үчүн арналган кандайдыр бир зыяндуу программаларды же программалык вирустарды камтыган башка материалдарды, же башка ар кандай компьютердик коддорду, файлдарды же программаларды жайгаштыруу же башка жол менен жеткиликтүү кылуу; же
- башка адамды же топту куугунтуктоо, тынчын алуу же башка жол менен зыян келтирүү.
Контентин, сайтты пайдаланууну же сайтка кирүүнү кошо алганда, анын ичинде коммерциялык кайра өндүрүү, кайталоо, көчүрүү, сатуу же кайра сатуу аркылуу Сиз сайттын кандайдыр бир бөлүгүн коммерциялык пайда үчүн колдонбоого макулдугуңузду бересиз.
Мамлекеттик департамент тарабынан контентти башкаруу
Мамлекеттик департамент колдонуучулар тарабынан жайгаштырылган эч кандай Контентти колдоого албайт жана мындай Контенттин тактыгына, бүтүндүгүнө же сапатына кепилдик бербейт. Бул Сайттарга кирүү менен сиз адепсиз, абийирсиз же керексиз Контентке туш болушуңуз мүмкүн экенин түшүнөсүз. Сиз Мамлекеттик департамент өзү түзбөгөн кайсы-бир Контент үчүн (анын ичинде, ар кандай Контенттеги кандайдыр бир каталар же кемчиликтер), ошондой эле электрондук почта боюнча жайгаштырылган, жөнөтүлгөн, жиберилген же башка жол менен жеткиликтүү болгон ар кандай Контентти колдонуунун натыйжасында келип чыккан жоготуулар же зыян үчүн эч кандай жоопкерчилик тартпай тургандыгына макулдугуңузду бересиз.
Сиз Мамлекеттик департамент колдонуучу Контентти алдын ала текшербегендигин же башка жол менен көзөмөлдөбөй тургандыгын, бирок Мамлекеттик департамент жана анын ыйгарым укуктуу адамдары өздөрүнүн кароосу боюнча Колдонуу шарттарын бузган ар кандай Контентти толугу менен же жарым-жартылай алып салууга же көчүрүүгө укуктуу (бирок милдеттүү эмес) экендигин билесиз.
Сиз АКШнын Мамлекеттик департаменти мындай бузуулардын үлгүлөрүн аныктоо жана коомчулук диалог үчүн ачык форум бойдон калышын камсыз кылуу максатында Колдонуу шарттарынын колдонуучу тарабынан бузуулардын эсебин жүргүзүшү мүмкүн экенин моюнга билесиз жана ага макулсуз.
Сиз Мамлекеттик департамент Контентти сактай алат, ошондой эле Контентти ачыктай алат деп билесиз жана ага макулсуз, эгерде мыйзам боюнча же ак ниеттик түшүнүк менен аталган сактоо жана ачыктоо төмөнкүлөр үчүн негизделген болуп саналса: (a) сот талаптарын аткаруу; (b) документтерди сактоо боюнча Департаменттин саясатын аткаруу; (с) Колдонуу шарттарынын сакталышын камсыз кылуу; (d) ар кандай Контент үчүнчү жактардын укуктарын бузат деген дооматтарга жооп берүү; же (e) Мамлекеттик департаменттин, анын кызматкерлеринин, Департаменттин онлайн жамаатынын жана/же коомчулуктун мүчөлөрүнүн укуктарын, менчигин же жеке коопсуздугун коргоо. Мамлекеттик департамент зордук-зомбулук же коркутуп-үркүтүү контенти тууралуу тиешелүү укук коргоо органдарына кабарлай алат.
Сиз Мамлекеттик департамент сайт тарабынан сакталган же берилген билдирүүлөрдүн жана башка материалдардын же башка Контенттин жок кылынышы же аларды сактоо мүмкүнчүлүгү жоктугу үчүн жоопкерчилик тартпай тургандыгына макулсуз.
Эл аралык колдонууда атайын сактык чаралары
Сиз сайттарды колдонууга байланыштуу ар кандай жеке жүрүм-турумуңуз үчүн, анын ичинде сиз тарабынан жайгаштырылган же башка жол менен берилген бардык контент үчүн жоопкерчиликти алууга макул болосуз. Сиз бул сайттарда Контенттин берилиши же колдонулушу менен байланышкан бардык тобокелдиктерди баалап, көтөрүшүңүз керек. Ушул Колдонуу шарттарын жана Сайттардын шарттарын сактоо сиз жашаган өлкөнүн жергиликтүү жана улуттук мыйзамдарынын сакталышына кепилдик бербейт. АКШ өкмөтү жана Мамлекеттик департамент өзүнчө колдонуучуларды башка мамлекеттердин мыйзамдарын бузуунун кесепеттеринен коргой албайт.
Сайттарда жайгаштыруу үчүн берилген же жеткиликтүү болгон контентке карата интеллектуалдык менчик укуктары
Мамлекеттик департамент сайтка жайгаштыруу үчүн сиз берген же жеткиликтүү кылган Контентке ээлик кылуу укугун талап кылбайт. Эгерде Контентте башкасы тикелей көрсөтүлбөсө, бул сайтка жүктөлгөн бардык колдонулуучу материалдар чектелген лицензияга ылайык берилет жана төмөнкүлөр менен коштолот: сайтка жүктөлгөн колдонулуучу материалдар коммерциялык максатта колдонулбайт; өндүрүш иштери түзүлбөйт; авторлукка толук көрсөтмө берилет. Бул лицензия эл аралык деңгээлде жарактуу. Сиз Контентиңизди Мамлекеттик департаментке аталган лицензияга ылайык берип жатканыңызга макулсуз. Сиздин башка колдонуучулардын контентин колдонгондугуңуз ушул лицензияга ылайык болоруна макулдугуңузду бересиз.
Бирок, АКШ Өкмөтү тарабынан түзүлүп, жайгаштырылган Контент коммерциялык пайда алуу үчүн колдонулбайт деген шартта колдонулушу же жарыяланышы мүмкүн. Мамлекеттик департамент Associated Press (AP) менен келишим түздү, анда APдин автордук укук менен корголгон сүрөттөрү Мамлекеттик департаменттин социалдык түйүндөрүнүн сайттарында колдонулушу мүмкүн. AP бул сүрөттөргө менчик укугун жана автордук укугун сактап калат жана Мамлекеттик департаменттин пайдалануусу аларды коомдук мүлк катары кабыл алыыга алып келбейт. Сиз Мамлекеттик департаменттин ушул же башка социалдык түйүндөрүнүн сайтында табылган AP сүрөттөрүн көчүрбөөгө, жүктөп алууга жана таркатпоого макулсуз.
Зыяндын ордун толтуруу жана жоопкерчиликтен калкалоо кепилдиги
Сиз Мамлекеттик департаментти, кызмат адамдарын, агенттерди, грант берүүчүлөрдү же башка өнөктөштөрдү, ошондой эле алардын кызматкерлерин жана алардын кызматкерлерин сиз сайт аркылуу берген, жайгаштырган, жөнөткөн же жеткиликтүү кылган Контентке байланыштуу; сиз тарабынан сайтты колдонууга; сайтка туташууга; же сиз тарабынан Колдонуу шарттарын же үчүнчү жактын кандайдыр бир укуктарын бузууга байланыштуу зыяндын ордун толтурууга жана калкалоого, ошондой эле мындай дооматтарга же талаптарга байланыштуу юристтердин талаптагыдай гонорарларын төлөп берүүгө макулсуз.
Тейлөө кызматында өзгөрүүлөр
Мамлекеттик департамент каалаган убакта коомчулуктун (же анын кандайдыр бир бөлүгүнүн) ишин убактылуу же биротоло өзгөртүү же токтотуу укугун өзүнө калтырат. Сиз Мамлекеттик департамент коомчулуктун ишмердүүлүгүнүн өзгөргөндүгү, токтотулуп тургандыгы же токтотулгандыгы үчүн сиздин же үчүнчү тараптын алдында жооп бербейт дегенге макулсуз.
Жетүү мүмкүндүгүнүн токтотулушу
Сиз Мамлекеттик департамент өзүнүн кароосу боюнча сиздин коомчулукка жетүү мүмкүндүгүңүздү токтото алат, ошондой эле ар кандай себептер боюнча коомчулуктагы кандайдыр бир Контентти, анын ичинде, эгерде Мамлекеттик департамент сизди ушул Колдонуу шарттарын («Катышуучунун жүрүм-туруму» 6-пунктун караңыз) бузган же аларга ылайык эмес аракет кылган деп эсептесе, чектөөсүз түрдө алардын бирин алып салат жана жарактан чыгарат дегенге макулсуз. Сиз ушул Колдонуу шарттарынын каалаган жоболоруна ылайык сиздин коомчулукка жетүү мүмкүндүгүңүздү кандайдыр бир токтотуу же токтотуп туруу алдын ала эскертүүсүз жүргүзүлүшү мүмкүн экенин билесиз жана ага макулсуз. Мындан тышкары, сиз коомчулукка жетүү мүмкүндүгүңүздү токтотконуңуз үчүн Мамлекеттик департамент сиздин же кандайдыр бир үчүнчү тараптын алдында жоопкерчилик тартпайт дегенге макул болосуз.
Башка тараптын сайттарына шилтемелер
Бишкектеги АКШ элчилигинин сайттары же үчүнчү тараптар башка сайттарга же ресурстарга шилтемелерди бере алат. Сиз Мамлекеттик департамент эч кандай контент, жарнама, продуктулар, зыяндуу программалар же башка программалык камсыздоо же мындай сайттардагы же ресурстардагы же алардан алынышы мүмкүн болгон башка материалдар үчүн колдоо көрсөтпөгөндүгүн жана аларга жооп бербестигин билесиз жана ага макулсуз. Үчүнчү тараптын сайттары өзүнчө колдонуу шарттарына жана купуялык саясатына ылайык иш жүргүзүшөт. Сизге өзүңүз жөнүндө маалыматты чогулткан ар бир сайттын купуялык билдирүүлөрү тууралуу жоболор менен таанышып чыгуу сунушталат. Сиз ошондой эле, Мамлекеттик департамент кандайдыр бир сайт же ресурс аркылуу жеткиликтүү болгон контентти, программалык камсыздоону, товарларды же кызматтарды колдонуунун натыйжасында же ага байланыштуу, тикелей же кыйыр түрдө келтирилген же болжолдуу келтирилген зыян же жоготуулар үчүн жоопкерчилик тартпай турганын билесиз жана ага макулсуз.
Жеткиликтүүлүк
Сайттарда жеткиликтүү болгон Мамлекеттик департаменттин бардык материалдары «эгер департаментке же агенттикке ашыкча түйшүк жүктөлбөсө гана», мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн материалдардын жеткиликтүүлүгүнө байланыштуу реабилитациялоо жөнүндө мыйзамдын 508-бөлүмүнө ылайык келет.
Байланыш
Эгерде силерде ушул шарттарга байланыштуу суроолоруңуз болсо, BishkekPDS@state.gov электрондук почтасына кат менен байланышыңыз.