24-ноябрь 2020-жыл (Бишкек шаары, Кыргыз Республикасы) – Креативдүү кесиптер академиясы Талас, Ош, Жалал-Абад, Нарын жана Чүй облустарыда жашаган жумуш же билим алуу мүмкүнчүлүктөрү аз болгон 300 жумушсуз жаштар жана майыптыгы бар адамдар үчүн жумуш табууга пайдалуу акысыз виртуалдык курстарды баштайт. Креативдүү кесиптер академиясы АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилиги менен биргеликте “Fund Sun People” коомдук фонду тарабынан ишке ашырылууда.
Креативдүү кесиптер академиясы виртуалдык үч айлык курстарды графикалык дизайн боюнча, санариптик маркетинг жана видео өндүрүш боюнча курстарды өтөкөрөт. Бул үч курстун ар бири беш облусттан келген 100 катышуучуга билим берет. Катышуучулардын жарымы майыптыгы бар адамдар.
Катышуучулар аяктагандыгы жөнүндө сертификаттарды алышат жана жаңы квалификациялары аларга жаңы жумуш табууга мүмкүнчүлүк берет. Эң таланттуу 15 катышуучулар 2021-жылдын август айында Креативдүү кесиптер академиясынын жыйынтыктоочу форумунун жүрүшүндө өздөрүнүн иштерин көрсөтүшөт.
Графикалык дизайн курсуна катышуу үчүн табыштамаларды кабыл алуу 2020-жылдын 16-ноябрында токтоду. Графикалык дизайн курсунун катышуучулары конкурстун негизинде тандалып алынган, анын ичине жазуу жүзүндөгү анкета толтуруу жана маектешүүлөр кирген. 2021-жылдын 10-январынан баштап кызыккан талапкерлер февралдан апрелге чейин уюштурула турган санариптик маркетинг курсуна тапшыра алышат, а эми 2021-жылдын 10-апрелинен баштап майдан июлга чейин боло турган видео өндүрүш боюнча курска табыштама жөнөтө алышат.
Тапшыруучулар www.creative-academy.kg сайты аркылуу табыштама тапшыра алышат.
Креативдүү кесиптер академиясы жөнүндө көбүрөөк маалымат алуу үчүн:
https://www.facebook.com/creative.academy.kg
https://www.instagram.com/creative.academy.kg
Иш-чараны чагылдырууга кызыккан ЖМК өкүлдөрү АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы менен MakenbaevTJ@america.gov дареги же 0770 770299 телефон номуру аркылуу байланыша алышат.