Бишкек, 24-февраль, 2022-жыл – АКШ элчилигинин Коопсуздук боюнча аймактык кызматкери Эрик Олеруд Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлерин Терроризмге каршы жардам көрсөтүү (АТА) “Террористер колдонгон технологиялар” семинарын аяктагандыгы менен куттуктады. Семинарда кибер-иликтөө жүргүзүү ыкмаларына басым жасаган.
Семинардын жыйынтыгында америкалык жана Кыргызстандын 14 укук коргоо жана коопсуздук органдарынын кызматкерлери өнөктөштүктү өркүндөтүп, кибер коопсуздук боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүү жана террористтик коркунучтарга байланыштуу кибер коопсуздук маселелерин чечүү боюнча уюштуруу планын иштеп чыгышты. Өзүнүн жыйынтыктоочу сөзүндө Олеруд баса белгилегендей: “АКШ менен Кыргыз Республикасы терроризм балээси кайда пайда болбосун, ага каршы туруу үчүн биргелешип иштеп жатышат жана биз бул кызматташтыкты келечекте тереңдетүүгө үмүттөнөбүз”.
«Семинар активдүү талкуу түрүндө өттү, катышуучулар өздөрүнүн адистиги боюнча суроолорду беришти. Тренинг пайдалуу жана мазмундуу болуп, иш-чаранын жүрүшүндө алынган билимдер күнүмдүк кесиптик иште колдонулат. Семинардын уюштуруучуларына жана тренерлерине ыраазычылык билдиребиз – тренинг жана мындан аркы жемиштүү кызматташууга ишенебиз» деп билдиришти иш-чаранын катышуучулары.
“Террористер колдонгон технологиялар” семинары Кыргыз Республикасында 2018-жылдан бери өткөрүлүп жаткан АТАнын экинчи окутуу курсу. Терроризмге каршы кошумча даярдыкты өткөрүү үчүн 2022-жылдын июль айына чейин алты кошумча АТА курсу пландаштырылган.
Мамлекеттик департаменттин антитеррордук жардам (ATA) долбоору 1983-жылы түзүлгөн. АКШ өкмөтүнүн чет өлкөлүк укук коргоо органдары үчүн терроризмге каршы окутуу жана жабдууларды камсыздоочу эң башкы демөөрчү болуп саналат. АТАнын бардык жардамдары адам укуктарын урматтоого көмөктөшүүчү мыйзам үстөмдүгүнүн алкагында берилет. АТА АКШнын Мамлекеттик департаментинин Терроризмге каршы бюросунан каржылоону жана саясий жетекчиликти алат жана Дипломатиялык коопсуздук кызматы (DSS) тарабынан башкарылат.