22-ноябрь, 2021-жыл- БИШКЕК – Бүгүн Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскер госпиталында өткөн салтанатта АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнө жалпы акчалай наркы 100 000 доллардан ашуун болгон рентген аппаратын тапшырды. Бул жабдуулар министрликтин медициналык кызматкерлерине тынчтык орнотуу операцияларын колдоого жардам берет.
Салтанатка АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер, Коргоо министринин орун басары полковник Акылбек Ибраев жана Кыргызстандын башка аскер кызматкерлери катышты. Коултер айым жабдууларды жеткирүү АКШ менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы 30 жылдык кызматташууга салым кошуп жатканын айтып, мындай деп кошумчалады: «Бүгүн биз Кыргызстандын Коргоо министрлигине 2017-жылдан бери биринчи жолу техниканын жеткирилишине чоң кубанычтабыз жана бул чек ара коопсуздугу жана терроризмге каршы күрөшүү сыяктуу маанилүү жалпы кызыкчылыктар боюнча биргелешип иштөөдөгү илгерилөөчү өнөктөштүктүн белгиси деп үмүттөнөбүз».
Салтанатта полковник Ибраев Америка Кошмо Штаттарына жабдууларды тартуулаганы үчүн ыраазычылык билдирди жана бул жабдыктар Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) тынчтык орнотуу операцияларын жүргүзүүдө Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн ыкчам мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртат деген ишенимин билдирди.
Жабдуулар АКШнын глобалдык тынчтык операцияларынын демилгесинин алкагында берилди. Бул долбоордун миссиясы өнөктөш өлкөлөрдүн туруктуу, өз алдынча тынчтык операцияларын өркүндөтүү аркылуу БУУнун жана аймактык тынчтык операцияларын ишке ашыруу үчүн эл аралык потенциалды жана мүмкүнчүлүктөрдү бекемдөө болуп саналат.
АКШ менен Кыргызстандын кызматташтыгы 30 жылдан бери коопсуздукка жана башка ар кандай сыноолорго байланыштуу маселелер боюнча, анын ичинде табигый кырсыктарга даярдык көрүү жана трансулуттук коркунучтарга каршы туруу боюнча уланып келет.