Flag

An official website of the United States government

АКШ элчилиги Эгемендүүлүк күнүн белгилеп, “Америка ырлары 2021” сынагынын жеңүүчүлөрүн жарыялады
Тарабынан
3 МИНУТ ОКУЛДУ
July 2, 2021

Кыргызстандын бардык аймактарынан келген 600дөн ашуун студенттер жана окуучулардын арасында күч сынашкан “Америка ырлары 2021” сынагынын жеңүүчүлөрүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү академиясынын вице-президенти Уланбек Мамбетакунов, кесипкөй ырчы Омар Жанышов жана АКШ элчилигинин башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу Стивен Райдер катышкан эксперттик калыстар тобу 1-июль, бейшемби күнү НТС телеканалындагы тикелей эфир учурунда аныктады.

Быйыл, “Америка ырлары 2021” сынагынын финалы COVID-19 жайылып кетпеши үчүн виртуалдык форматта, АКШнын Элчилигинин Эгемендүүлүк күнүн майрамдоосу катары өттү. Финал НТС телеканалы аркылуу “Элдин тандоосу” жеңүүчүсүн аныктоо үчүн реалдуу убакыт режиминде добуш берүү менен көрсөтүлдү.

Бул иш-чара YouTubeдагы “American Song Contest Kyrgyzstan” каналында түз эфирде да көрсөтүлдү. Программада Омардын жандуу үн менен ыр аткарышы камтылып, жана АКШ менен Кыргызстандын маданий баалуулуктарынын окшоштуктарын чагылдырган “Сүрөөн” чыгармасы Айым жана Бегиш аттуу ырчылардын коштоосунда тартылган Элчиликтин биргелешкен видеотасмасы көрсөтүлдү. Корутунду сөзүндө АКШнын Ыйгарымдуу Өкүлү Брайан Стиммлер: “Бүгүн биз Американын туулган күнүн гана эмес, жалпы баалуулуктарыбызды белгиледик. Биздин өлкөлөрүбүздүн достугу биздин музыкага жана демократияга болгон сүйүүбүз сыяктуу ушул жалпы баалуулуктарга негизделген”, — деди.

Мектеп окуучуларынын сынагындагы 1-орундун ээси Адилет Алмазбеков Бишкек шаарындагы №24 мектеп-гимназиясынын 11-классынын окуучусу, ал Элвис Преслинин “Welcome to My World” аттуу ырын аткарган. Адилет жогорку сыйлыкка ээ болгонун билгенден кийин, “Берилген эмоциялар үчүн чоң рахмат. Абдан сонун болду” – деди.

Бишкек шаарындагы №37 мектеп-гимназиясынын 9-классынын окуучусу Сезим Эргешова Бебе Рексанын “I’m a Mess” аттуу ырын аткарып, экинчи орунду жеңип алды. Үчүнчү орундун ээси Байберди Бердибаев – Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Т.Сыдыкбеков атындагы мектептин 9-классынын окуучусу жана Бруно Марстын “Just the Way You Are” аттуу ырын аткарган.

Адина Эркинбекова университет студенттеринин арасында баш байгени жеңип алды. Ал Бишкектеги Эл аралык Ала-Тоо университетинин 2-курсунун студенти жана Нина Симоненин “Feeling Good” ырын ырдаган. Адина: «1-орунду алдым деген ой, албетте, мени кубандырат жана жеңишим үчүн чексиз ыраазымын. Баарына сахнанын даамын сезүүгө мүмкүнчүлүк берген ушундай сонун сынактын болгону үчүн рахмат”, — деди.

Экинчи орунду ээлеген Университет конкурсунун жеңүүчүсү Азамат Алымсейитов Бишкектеги Кыргыз Экономикалык Университетинин экинчи курсунун студенти, Джош Гробандын “You Raise Me Up” ырын аткарды. Үчүнчү орунду ээлеген Азизбек Калыев Ош мамлекеттик университетинин төртүнчү курсунун студенти жана Селена Гоместин “Love You Like a Love Song” чыгармасын аткарды.

Элизавета Курасова – “Элдин тандоосу” жеңүүчүсү. Ал Кант шаарындагы №4 мектеп-гимназиясынын 11-классынын окуучусу.

2012-жылдан бери АКШ элчилиги жыл сайын Sun People уюму менен биргеликте орто мектептердин жана университеттердин студенттеринин англис тилин үйрөнүүсүнө көмөктөшүү жана англис тилиндеги ырларды үйрөнүү жана ырдоо менен АКШнын искусствосу жана маданияты жөнүндө көбүрөөк билим берүү максатында жыл сайын “Америка ырлары” сынагын өткөрүп келет. Былтыркы конкурс студенттердин музыкалык видеолорун камтыган биринчи виртуалдык сынак болгон. Сынактын катышуучуларын, калыстарды жана техникалык кызматкерлерди пандемиядан сактоо үчүн сынактын катышуучулары профессионалдык сапаттагы клиптерди тасмага түшүрүлүп, алар калыстар жана көрүүчүлөр үчүн Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында обого чыгылды.

2021-жылдагы “Америка ырлары” сынагынын видеотасмасын сынактын American Song Contest YouTube каналында көрүүгө болот.