28-октябрда КРнын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбору (Кыргызстандарт) АКШ элчилигинде орнотулган аба сапатын текшерүүчү мониторинг станциясын Кыргыз Республикасынын өлчөө каражаттарынын мамлекеттик реестринде расмий каттоодон өткөрдү. Каттоого ээ болгон соң, бардык мамлекеттик органдар, анын ичинде КРнын ӨКМнин Гидрометеорология боюнча мамлекеттик агенттик (Кыргызгидромет) менен КР Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги АКШ элчилигинин абанын сапатын текшерүүчү станциясына рамий түрдө шилтеме берүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен кызматташтыкта АКШнын курчап турган чөйрөнү коргоо агенттиги тарабынан жактырылган аба сапатынын мониторингин жүргүзгөн бул станцияны 2018-жылдын декабрында АКШ элчилиги өз короосунда орноткон. Аталган демилге АКШнын чет өлкөлөрдөгү 30дан ашык дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө, анын ичинде Борбор жана Түштүк Азияда, аба сапатынын мониторингин жүргүзүүдөгү америкалык жакшы натыйжалуу тажрыйбаны таркатууга багытталган аракеттердин алкагында ишке ашырылууда.
Станция жогорку тактыктагы маалыматты камсыздап, учурдагы элчилик айланасындагы аба сапатын көрсөтүп, Бишкектеги аба сапатына көз салууга багытталган тынымсыз аракеттерге өз салымын кошот. АКШнын курчап турган чөйрөнү коргоо агенттигинин (U.S. ЕРА) рекомендацияларына жараша бул станция 2,5 микрондук/м3ка болгон майда бөлүчөлөрүнүн жыштыгынын (концентрациянын) негизинде (PM2,5) Аба сапатынын индексин (АСИ-AQI) саат сайын кабарлап турат. Мисалы, PM2,5 абаны булгоочу майда заттардын жогорку жыштыгы респираторлук ооруларга алып келгенин белгилейт. Бишкектеги PM2,5 жогору көрсөткүчүнүн негизинде эсептелген AQI тууралуу маалыматын (Интернеттеги https://airnow.gov дареги аркылуу жалпыга жеткиликтүү) түшүнүү ден-соолукка тийгизген таасирин азайтуу үчүн пайдалуу каражат болуп эсептелет.
Элчиликтин аба сапатына бурган көңүлү АКШ элчилигинин “Жашыл тобунун” түзүлүшүнө алып келди. Ал таза экологиялык стандарттарды коомчулукта жана АКШ элчилигинин имараттарында демилгелеп келет. Топ мүчөлөрү АКШ элчилигинин кызматкерлерине алардын өз жашоосунда, курчаган айлана-чөйрөгө узак жана оң таасир этүүчү, анын ичинде таштандыларды кайра иштетүү же жер семирткичке айлантууга багытталган кадамдарды салууга үндөйт. АКШ элчилиги пластик, металл, айнек жана кагазды кайра иштетүүчү жергиликтүү компания менен кызматташып келет. Коомдук бакчалар, туруктуу айыл чарбасы тууралуу кабардар болуу үчүн элчиликтин бардык кызматкерлерине ачык. Программа, мектеп окуучуларын кабыл алып, жергиликтүү деңгээлде экологиялык лидерликти колдоого алуу агартуу компонентин өзүнө камтыйт.
Кыргыз Өкмөтү менен биргеликте АКШ элчилиги бир катар экологиялык маселелер боюнча кызматташууну карап келүүдө, анын ичинде аба сапаты, жана Бишкектин айлана-чөйрөсүн коргоого багытталган жана башка демилгелер бар.