Flag

An official website of the United States government

АКШ Кыргызстандагы 1,6 миңден ашуун мектептерге математика окутуу боюнча материалдарды тапшырды
Тарабынан
27 МИНУТ ОКУЛДУ
September 8, 2023

 

2023-жылдын 6-февраль күнү АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) математика боюнча 3372 окууметодикалык материалдардын топтомун – “Математикалык сандыкчаларды” Кыргыз Республикасынын 1682 мамлекеттик мектебине тапшырдыБул көрсөтмө окуу куралдары башталгыч класстардын окуучуларына математикалык түшүнүктөрдү даана элестетиптак түшүнүүгө жардам беретМатериалдарды тапшыруу расмий аземи КР Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов, USAIDдин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн директору Кайя Адамс жана Бишкек шаарында жайгашкан он мамлекеттик мектептин өкүлдөрүнүн катышуусунда №69-мектепте өттү. 

USAIDдин “Окуу керемет!” долбоору иштеп чыккан “Математикалык сандыкчалар” геометриялык фигураларсааттарэсеп таякчаларыпалеткалар сыяктуу 27 түрдүү манипулятивдик жана графикалык моделдерди камтыйтСандыкчада берилген моделдерди математиканы окутууда колдонуу окуучуларга абстракттуу математикалык түшүнүктөрдү “сезүүгө” жана “көрүүгө“, символдордунарифметикалык амалдардын жана эрежелердин маанисин жана аларды түптөгөн логиканы терең түшүнүүгө мүмкүндүк берет. 

Бул окуу куралдары мобилдүүэффективдүү жана өз убагында берилүүдөКесиптештерим аларды алыпматематика сабагында колдонууну чыдамсыздык менен күтүп жатышат”, – дейт Фарида СабыралиеваЧүй облусунун АЖаманбаев атындагы орто мектептин башталгыч класстардын мугалими. 

Көрсөтмө окуу куралдары башталгыч класстардын мугалимдерин окутуу модулдарынын мазмунуна ылайык иштелип чыкканБул окутуулар КР Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте USAID тарабынан өткөрүлүүдө. 2023-жылдын март айында 13 миңден ашуун мугалимдер математикалык модулдар боюнча окууну баштапжаңы берилген материалдар менен математиканы окутууда кесиптик чеберчилигин жогорулатышат. 

Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов өз сөзүндөбул материалдар жаш баланын окуусуна ыңгайлаштырылганын белгилеп кетти. “Бул материалдар окуучуларга математика көндүмдөрүн калыптандырууга чоң салым кылат”, – деп ишеничин билдирди министр.   

Математиканы окутуу процессинде колдонууга арналган бул уникалдуу материалдар Кыргыз Республикасынын билим берүү системасы үчүн атайын иштелип чыкканБиз бул демилгеге салым кошконубузга абдан сыймыктанабыз”, – дейт USAIDдин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн директору Кайя Адамс. 

USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору башталгыч класстардын окуучуларынын окуу жана математика боюнча жетишкендиктерин жогорулатууга багытталганДолбоор Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен өнөктөштүктө республика боюнча 1682 максаттуу мектепте (мектептердин 75%на жакыныишке ашырылууда жана бүгүнкү күндө 450.миңден ашуун башталгыч класстардын окуучуларын камтыйт. 

# # # #