АКШнын Коргоо министрлиги Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жеке коргонуу каражаттарды тапшырды

БИШКЕК – Бүгүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Башкы кеңсесинде АКШнын Коргоо министрлигинин жана АКШнын Борбордук командачылыгынын атынан Кыргызстандагы АКШнын элчилиги жалпы суммасы 3750000 сомдук жеке коргонуу каражаттары (ЖКК) тапшырды. Бет каптар, желдетилген көз айнектер жана толук денени жапкан костюмдар сыяктуу ЖККлар өз милдеттерин аткарып жаткан ӨКМдүн кызматкерлерине COVID-19дан коргонууга жардам берет.

Каражаттарды тапшыруу аземине АКШ элчилигинин коргоо маселелер боюнча улук өкүлү подполковник Кейт Макки менен бирге Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Акматов Урматбек мырза жана башка кыргыз расмийлери катышты. Подполковник Макки бул ЖККлардын жеткирилиши Кыргыз Республикасына COVID-19га каршы жалпы беш миллион доллардан ашык жардамына кошумча болоорун белгилеп, мындай деди: “Биз келечекте Кыргыз Республикасындагы шериктерибиз менен биргеликте машыгып, чогуу иштешкенге умтулабыз”.

ӨКМ министрдин орун басары Калыс Ахматов АКШ тарабына жеке коргонуу каражаттарды бергени үчүн ыраазычылыгын билдирип, мындай деди: “Буга чейин министрлик менен АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин кызматташтыгынын алкагында табигый кырсыктардын коркунучун азайтуу жана кыргыз куткаруучуларынын кесиптүүлүгүн жогорулатуу жаатында бир катар олуттуу жетишкендиктер болгон. Жарандык коргонуу системасы өнүккөн чет өлкөлөрдүн тажрыйбасы куткаруучуларыбыздын кесиптик ишмердүүлүгүнүн жогорулатуу, жалпы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин потенциалын жогорулатуу үчүн биз үчүн ар дайым кызыктуу. Ошол себептен, биз эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө абдан кызыкдарбыз”.

АКШ менен Кыргызстандын коопсуздук тармактагы кызматташтыгы 30 жылдан бери уланып, табигый кырсыктарга даярдык көрүү, трансулуттук коркунучтарга каршы туруу жана башка ар түрлүү маселелерди чечкенге багытталат.