
АКШ Элчилиги чоң кубаныч менен америкалык ковбойлор, кантри музыкасынын аткаруучулары жана Тынчтык корпусунун ыктыярчыларынан турган АКШ делегациясы Чолпон Ата шаарында 2-8-сентябрь аралыгында орун алуучу Дүйнөлүк үчүнчү көчмөндөр оюндарына катышаарын жарыялайт. Кыргыз Республикасы жана Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы бекем достук мамилени белгилет, АКШнын Кыргыз Республикасындагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Брайан Стиммер жана АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор азиядагы коомдук дипломатия жана аймактык мамилелер боюнча жардамчысынын орун басарынын кызматын аткаруучу Эмилия Пума да дүйнөнүн көчмөн цивиллизациялырынын маданий мурасына ар түрдүүлүгүнө урматтосун көрсөтүп оюндардын кыргыз жана чет жердик катышуучуларына кошулушат.
Вайоминг штатынын Джексон Хоулунан келген он ковбой көкбөрү тобу катары оюндарда күч сынашат. Алардын экөө АКШнын көкбөрү боюнча курамасында Дүйнөлүк экинчи көчмөндөр оюндарына катышышкан.
Болжол менен Тынчтык корпусунун 32 ыктыярчысы Дүйнөлүк үчүнчү көчмөндөр оюндарында, негизинен көчмөндөрдүн интеллектуалдык оюндарына Евразия мейманканасында катышат, алардын ичинде мангала, ордо, оваре жана тогул коргоол. Башкалары Чолпон Атадагы спорт майданындагы кол күрөштүрүү, жана Кырчын жайлоосундагы аркан тартмайга катышышат. Тынчтык корпусунун ыктыярчылары Кошмо Штаттарынын түрдүү булуң-бурчтарынан келип, Кыргызстан элинин экономикалык өнүгүүсүн, билим берүүсүн жана саламаттык сактоосун өркүндөтүүгө багытталган долбоорлордо иш алып барышат.
АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилиги ошондой эле, чоң сыймыктануу менен АКШнын жаа тартуу, алыш күрөшү жана масрестлинг менен бүркүт салуу оюндарына катыша турган спортчуларын колдойт.
Кырчын жайлоосундагы Америка Ордосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары маалындагы америкалык иш чаралардын чордонуна айланат. Америка Ордосунун боз үйлөрүндө Тынчтык корпусунун кыргыз тилинде сүйлөгөн ыктыярчылары китеп көргөзмөлөрүн, сынактарды жана америкалык көчмөн салттардын көргөзмөлөрүн тартуулайт. Меймандар Американын жана америкалык ковбойлордун спортуна, маданиятына арналган кино тасмаларга ортоктош болуп, көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон кыскаметраждуу кыргыз кино тасмасын да көрө алышат.
Америкалык спортчулар жана маданий ишмерлер Америка Ордосунда болуп, меймандар менен баарлашып турушат. Батыштан келген үч ырчы, Америка Батышынын маданиятын кантри музыкасы, ковбойлор жана элдик ырларды аткаруу менен тартуулашат. Алар ошондой эле, ырларды жатка окуп тарыхий окуяларды Кырчын жайлоосунда айтып беришет. Вайомингтен келген көкбөрүчү ковбойлор салтуу батыш оюндарын жана лассо тартуу ыкмаларын көрсөтүшөт. Америка Ордосунун башка иштери төмөндөгулөрдү камтыйт:
- Түптүү америкалыктардын оюндарын жана америкалык футбол жана бейсбол сымал оюндарын тартуулашат
- Кол өнөрчүлүк, сүрөт тартуу, сынактар жана оюндар
- АКШ Элчилигинин китеп которуу долбоору аркылуу кыргыз тилине которулган америкалык китептердин көргөзмөсү
- Аудио жана видео китептердин тартуулоо
- Алмашуу жана америкалык маданий долбоорлор тууралуу маалыматты таркатуу
- Белектер
Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасы менен тынымсыз өнүгүп келе жаткан өнөктөштүгүн белгилеп, дүйнөнүн көчмөн элдеринин маданиятынын өнүгүүсүнө өз салымын сыймыктануу менен кошот.