2016-жылдын 10-ноябры
9-ноябрда, Америка Кошмо Штаттарынын эли Дональд Трампты биздин кырк бешинчи президентибиз катары шайлап алды. Жаңыдан шайланган президент Трамп 2017 жылдын 20-январында кызматына киришет. Президент Барак Обама жана мамлекеттик катчы Жон Керри иштерин жаңы келген башкармалыгына макулдашылган жана жыйынтыктуу жолу менен өткөрүп бергенге умтулууда жана ага даярдык көрүүдө.
Мен президент Атамбаевке биздин жаңыдан шайланган президентибизди жылуу сөздөр менен куттуктаганына ыраазычылыгымды билдирем. Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасы менен кызматташууну алдыдагы 25 жылдын ичинде жана андан да узак мөөнөткө улантууга жана кеңейтүүгө ниеттенет. Биз региондун өнүгүүсү үчүн чогу иштешип, глобалдык көйгөйлөрдү чечүү жана бүгүнкү коркунучтарга каршы турууда биргелешкен аракеттерибизди улантабыз. Биз Кыргыз Республикасы менен болгон мамилебизди жогору баалайбыз, бул мамиле ишеним, теңдик жана өз ара сый-урматтын негизинде курулган.
Президент Обама бийликти тынч жолу менен өткөрүп берүү – бул демократиябыздын маанилүү белгилеринин бири деп абдан жакшы айтып кетти. Америка Кошмо Штаттары бийликтин натыйжалуу өткөрүлүп берилиши менен жарандарыбыздын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн чектөөлөрдү четтетип, 240 жылдан бери алдыга жылып келе жатат деп белгиледи президент Обама. Ошондой эле, бийликтин жылма өткөрүүлүшү дүйнө жүзүндөгү өнөктөштөрүбүз менен мамилелерибизди мындан ары да өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт, андыктан биз Кыргыз Республикасы менен болгон тыгыз кызматташуубузду улантып бекемдөөгө умтулабыз.