25-ноябрь, 2020-жыл
Жунушева айым, доктор Маанаев, доктор Аалиев, доктор Толбашиева, доктор Айнура, кызыл зонада сыйлаган дарыгерлер менен медайымдар,
Эки жума мурун, мен жогору басымдагы кычкылтек концентратору эмне экендигин жана алар COVID-19дун оор учурларын дарылоодо эмне үчүн маанилүү экендигин билген эмесмин. Он күн мурун Калифорниядагы апам менен өгөй атама коронавирус диагнозу коюлган. Акыркы бир жумадан бери менин өгөй атам ушул кереметтүү аппараттын жардамы менен оорукананын реанимация бөлүмүндө жаткан жана тирүү калган.
Менин билгеним кадимки кычкылтек концентраторлорунан айырмаланып, жогору басымдагы бул машиналар таза кычкылтек чөйрөсүн түзө алат. Ошондой эле, дем алуусу оорлоп, өз алдынча дем ала албаган адамдар үчүн жасалма дем алдыргычтарды колдогон жогорку басымдагы кычкылтекти бөлүп чыгарат.
USAID, Abt Associates жана Саламаттыкты сактоо министрлиги менен тыгыз кызматташып, ушул алты аппараттын ар бирин беш кыргыз ооруканасына орнотуп бергендиги бизди кубандырат. ЮСАИД жана Дүйнөлү саламаттык сактоо уюму (ДССУ) өлкөнүн алыскы аймактарындагы бейтаптарга жеткирүү үчүн кошумча 100 көчмө кычкылтек концентраторун сатып алды. Бул кычкылтек концентраторлору дасыккан кыргыз дарыгерлеринин жана медайымдарынын колунда кереметтүү иштеп берет.
Менин өгөй атам бүгүн Америкадагы Ыраазычылык күнүнө карата ооруканадан чыгарылам деп үмүттөнүп жатат. Эр жүрөк медицина кызматкерлерине апамдын, өгөй атамдын жана ооруп аман калган адамдардын атынан ыраазычылык. Улуттук госпиталдын жана Республикалык инфекциялык оорукананын дарыгерлерине жана медайымдарына рахмат. Өлкөнүн бардык медицина кызматкерлерине рахмат.
Баарыбыз COVID-19 инфекциясы тууралуу кабатыр болбой кала турган күндү чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Туннелдин аягында жарыкты көрө алабыз жана ал күндүн жакында келээрин билебиз. Ага чейин, биздин өмүрлөрүбүздү сактап калуу үчүн, өз өмүрлөрүңүздү тобокелге салганыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз.