Коммерция жана бизнес иштери боюнча атайы өкүлүнүн кызматын аткаруучусу Скотт Тикнор Кыргыз Республикасына сапар менен келди

31-октябрь 2018-жыл (Бишкек) – АКШнын Мамлекеттик департаментинин Экономикалык жана ишкердик маселелер боюнча бюросундагы АКШнын Коммерция жана бизнес иштери боюнча атайы өкүлүнүн кызматын аткаруучусу Скотт Тикнор өкмөттүн, жеке менчик сектордун жана Кыргызстандагы эл аралык финансы мекемелеринин өкүлдөрү менен 29-30-октябрда сапары учурунда жолугушту.

Ал эл аралык инвесторлор үчүн Кыргыз Республикасындагы экономикалык климатты жакшыртуу, экономикалык жана интеллектуалдык менчик укуктарын өнүктүрүү маселелерин, жана ошондой эле, кызматташтык жана алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.

Экономикалык жана ишкердик маселелер боюнча бюро АКШнын ишкердик чөйрөлөрүнүн атынан чет өлкөлөрдө иш алып барып, ишкердикти жана инновацияларды колдоп, интеллектуалдык менчик укуктарын коргоп келет.