Кыргыз Республикасында кызмат өтөө үчүн Тынчтык Корпусунун 26 ыктыярчысы ант беришти

OLYMPUS DIGITAL CAMERA

Бишкек, 25-август, 2023-ж. – Тынчтык Корпусунун жаңы ант берген 26 ыктыярчысы Чүй, Нарын, Талас, Ош жанан Жалал-Абад областарынын орто мектептеринде кийинки 2 жыл бою жергиликтүү англис тили мугалимдери менен биргеликте англис тилин окутушат. Булар Кыргыз Республикасындагы ыктыярчылардын 29-тобу. 

Бул аземге АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси Лесли Вигери мырза, тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев мырза, билим жана илим министрлигинин эл аралык кызматташуу жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы Айзада Апышева айым, Тынчтык Корпусунун Европа, Жер Ортолук деңизи жана Азия өлкөлөрү боюнча регионалдык директору Ребекка Шарп айым, тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, ыктыярчылар, ошондой эле, ыктыярчылар чогуу иштеше турган жергиликтүү мугалимдер жана мектеп директорлору катышышты. 

«Отуз жыл аралыгында Тынчтык Корпусунун ыктыярчылары жана алар иштеген жамааттар окуучулардын жана мугалимдердин англис тили боюнча билимин жогорулатуунун үстүндө биргеликте иштешүүдө. Алар узакка созулган байланышты курууга жетишишти жана ал байланыштар ыктыярчы кызмат өтөп кеткенден кийин да көп жылдарга созулуп келет. Бул Кыргыз Республикасы менен АКШнын элдеринин ортосундагы бири-бирибизди түшүнүүнү жана достук мамилени бекемдөөгө болгон жалпыбыздын салымыбыз», – деди элчи Вигери мырза. 

Орто мектептердин жергиликтүү англис тили мугалимдери менен биргеликте иштеп, ыктыярчылар өзүлөрүнүн билимдерин жана окутуунун жаңы методдорун мугалимдер менен бөлүшүшүп, жана окуучу балдарга тил жөндөмдөрүн жогорулатууга дем беришет. Англис тили сабагын гана өткөрбөстөн ыктыярчылар жана алардын кызматташтары ар кандай ийримдерди жана сабактан тышкаркы иш-чараларды өткөрүү менен, окуучулардын жана башка жамааттын мүчөлөрүнүн англис тили боюнча билимин жогорулатууга жана практикалоого көмөк көрсөтүшөт.  

Ант берүүгө чейин ыктыярчылар 11 жумалык кызматка чейинки тренингден өтүшүп, кыргыз тилин жана маданиятын, сабактарды өткөрүүнүн ыкмаларын үйрөнүштү. Кыргыз тарыхы, маданияты жана үрп-адаттары тууралуу толук түшүнүк алуу үчүн тренинг учурунда ыктыярчылар кабыл алуучу үй-бүлөлөр менен жашашты.  

«1993-жылдан бери Кыргызстанда 1300дөн ашуун Тынчтык Корпусунунун ыктыярчылары кызмат өтөштү жана бүгүн биз дагы 26 ыктыярчынын ант берүүсүн кабыл алып жатканыбызга кубанычтабыз. Биздин кыргыз эли менен болгон достугубуз жана кызматташтыгыбыз дагы көп жылдарга созулаарына ишенебиз», – деди  Тынчтык Корпусунун Европа, Жер Ортолук деңизи жана Азия өлкөлөрү боюнча регионалдык директору Ребекка Шарп айым 

Кыргыз Республикасындагы Тынчтык Корпусунун программасы 30 жылдык мааракесин майрамдап жатат. Америка Кошмо Штаттары менен Кыргыз Республикасынын өкмөтү 1992-жылы бул программаны ачууга макулдашкан, жана биринчи ыктыярчылар 1993-жылы келишкен.  Азыркы учурда Кыргыз Республикасындагы Тынчтык Корпусу “Англис тилин чет тилдери катары окутуу” программасын Билим жана илим министрлиги менен кызматташтыкта ишке ашырып келет.  

Сураныч, толугураак маалымат үчүн коомчулук менен байланыш түзүү адиси Айсулуу Газиева менен электрондук почта agazieva@peacecorps.gov  же 0312 650494 (кош. 1100) аркылуу байланышыңыз.