КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ: 1993-жылкы Келишиминен баш тартуу ниетине жооп катары АКШнын колдоосу менен көрүнүктүү иш чаралардын тизмеси

Биз ѳкмѳттүн 1993-жылкы Келишиминен баш тартуу ниетине кабатыр болуп жатабыз, себеби бул Кыргызстан менен болгон узак, терең жана эки жакка тең пайдалуу өнөктөштүк. АКШ Кыргызстандын эгемендүүлүгүн тааныган биринчи өлкөлөрдүн бири болгон. Биз андан бери Кыргызстан менен өнөктөштүктү күчөтүүгө жана өлкөдө демократиянын өнүгүүшүнө 2 миллиардка жакын АКШ долларын жардам катары бердик.

1993-жылкы Келишим мыйзамдуу түрдѳ АКШнын Кыргызстанга гуманитардык, техникалык жана экономикалык жардам берүүсү жѳнүндѳ келишим. Биз мындай чечимди кабыл алуунун техникалык таасирин изилдегенди улантып жатабыз жана бул чечим Кыргызстандын элине жардам берүү үчүн арналган бир нече программалардын токтоп калышына себепкер болушу ыктымал. Андай программаларга экстремизмге каршы күрѳшүү, экономикалык ѳнүгүү жана жумуш орундарынын пайда болушу, билим берүү тармагын ѳнүктүрүү жана Кыргызстандын демократиялык ѳнүгүүсүн колдоо кирет. Биз кыргыз эли менен мамилебизди жана колдообузду улантмакчыбыз.

Кыргыз Республикасы башка Орто Азиядагы мамлекеттерге караганда АКШ тарабынан эң көп өнүгүү колдоосуна ээ болуп келет. Анын себеби Кыргызстан АКШ сыяктуу демократиялык баалуулуктарга, өзүнүн жарандары үчүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө изденүүсү жана элинин ден соолугу чың жана билимдүү болуусуна умтулат. Биздин бекем жана ийгиликтүү өнөктөштүгүбүздүн бирден бир себеби болуп карым катнаштын ачыктыгы жана Кыргыз Республикасы өнүгүү жолунда дуушар болгон кыйынчылыктарга чогуу туруштук берүү болуп эсептелет.

Төмөнкү тизме АКШ тарабынан Кыргызстанга жана Кыргызстандын элине көрсөтүлгөн жардамдын кээ бир гана мисалдарын камтыйт:

Саламаттыкты сактоо тармагында:

USAID тарабынан берилген вакциналар жана уюштурулган окутуулардын жардамы менен Кыргызстан 2010-жылы Орто Азиядагы полиомиелит оруусуна чалдыкпаган бир гана өлкө болгон.

АКШ Мамлекети кургак учукка чалдыкпоонун алдын алуу жана ооруулуларды дарылоо үчүн Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен иш алып барууда. Мындай иш чаралар өлкөнүн бул ооруунун таралышынын кескиндүү түрдө азайышына туруштук берүүсүнө өбөлгө түзөт.

АКШ Мамлекетинин колдоосу менен Кыргыз Республикасында безгек илдетинин болбошу орун алган.

USAID тарабынан колдоого алынган эне жана баланын ден соолугу үчүн иш аракеттер Кыргызстандагы ымыркайлардын өлүмүнүн азайышына негиз болгон.

Кыргызстандыктардын 80 пайызы АКШ тарабынан колдоого алынган камсыздандыруу фондунан ден соолука кам көрүү жардамын алышат.

Айыл чарба тармагында:

USAIDдин айыл чарба тажрыйбасы 5500 гектар айыл чарбага ылайыктуу жерди жакшыртып, натыйжада картошка талааларынын түшүмдүүлүгүн жыл сайын 100 миң тоннага көбөйтүүгө жетишкен.

АКШнын колдоосу менен фермерлер жана айыл чарба бизнестери түшүмдүүлүктү көбөйтүп жана жогорку сапаттагы түшүмдү алып жатышат.

20 миллион доллардык АКШ жана Кыргыз Республикасынын Өнүгүү Фондусу жогорку сапаттагы үрөндү 40,000 фермерге таратып алардын түшүмдүүлүгүнүн жана каражаттын көбөйүшүнүн негизи болгон. Ошондой эле, мал чарбачылыгында бодо малды жакшыртып өстүрүүдө фермерлерди АКШнын алдыңкы технологиялары менен тааныштырып жана 200 бодо мал мал чарбачылыктарына берилген.

Кыргыз Республикасындагы канаттууларды өстүрүү тармагы биздин жардамыбыз менен жумуртка өнүмдүүлүгүн 60 пайызга көтөрдү.

Билиим берүү тармагында:

500 миңден ашуун окуучу 2002-жылы АКШнын каржылоосу жана колдоосу менен даярдалган тест аркылуу калыс, коррупциясыз жолу менен жогорку билим алууга мүмкүнчүлүк алган.

АКШнын колдоосу менен өлкөдөгү башталгыч мектептердин окуучулары жаш кезинен баштап тиричилик кылуу каражаттарга жана берекелүү жашоого жол акчан китеп окуу машыгууларга ээ болгон.

Инфраструктура тармагында:

АКШнын каржылоосу жергиликтүү өкмөттөргө 2010-жылдын июнь окуялардан кийинки туруксуз конуштарда жалпы колдонулган инфраструктурасын кайрадан курууга жардам берген:

  • 3,7 миллион долларлык жабдуулар негизги мекемелерге берилген;
  • 18 өкмөттүк имарат кайра курулган же оңдолгон, 138 окуу жайларга жана 18 жаштар борборлоруна колдоо көрсөтүлгөн;
  • 80 жамаатта суу талаштарды азайткан 30 сугаруу канал оңдолгон;
  • Түштүктөгү беш шаардын 44 көчө кесилишинде светофорлор алмаштырылган, андан кийинки бир жылда жол кырсыктардын саны 58 пайызга азайган;
  • Туруксуз жамааттарда электр жабдуу тууралуу талаштардын азайышына себеп болгон 24 электрикалык трансформатор берилген;
  • 3 721 адам конуштарын оңдоп-тазалоо долбоорлоруна тартылган;

Экономика тармагында:

Кыргызстандын банк тарабында АКШнын каржылоосу менен коммерциялык банктардын бухгалтериялык жана аудит системалары эл аралык стандарттарга жооп бере турган абалга жеткирүү максаты менен Улуттук банкына техникалык жардам көрсөтүлгөн.

Кыргызстандын гүлдөп аткан микрофинансалык тармагы 1990-жылдары USAIDтин колдоосу менен түзулгөн.  Микрофинансалык уюмдар кыргыз жарандардын көбүнө өз тилектерине жетүү, үй-бүлөрүн багуу жана жалпы өлкө үчүн жарык келечек курууга жол берген экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө.

Коопсуздук тармагында:

АКШнын каржылоосу Кыргызстандын чек араларын бекемдөөго жана баңгизаттарды ташууга бөгөт койгонго жардам берген.   Биз Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын түзүлүшүн колдодук жана аны окутуу, авто унаа жана жабдуулар менен камсыздадык.  Баңгизаттарды ташуу боюнча биргелешкен изилдөөлөрдө оперативдик колдоо көрсөтүп жардам бердик жана регионалдык жана эл аралык кызматташууну алдыга жылдырууга көмөктөштүк.

АКШ Кыргыз Мамлекеттик бажы кызматы үчүн 2013-жылдын ноябрь айында ачылган практикалык машыгуу жана окуу борборун курулушун каржылаган.   Ал борбор рентген аппараттар, автоунаалардын салмагын текшерүүчү таразалар, байланыш каражаттар, радиацияны аныктоочу өздүк каражаттар, окутуу жайлар жана окутууда колдонуу үчүн атайын темир жол вагону менен жабдылган.  АКШнын каржылоосу менен Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматына түштүк чек арасында 31 жаңы кароол мунара курулуп дагы бир нечеси жаңыланган.