2016-жылдын 12-15 январында, Бишкектеги СИЗО-1 тергөө камак жайдын кызматчылары көзөмөл өткөрмө жайларында колдоно турган жаңы келген текшерүүчү рентген жабдуларды пайдаланганды үйрөнүүдө. Жабдуулар Америка Кошмо Штаттарынын тарабынан БУУнун Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча Кыргыз Республикасындагы башкармалыгы (БУУ БКБ) аркылу абактардагы коопсуздукту күчөтүү долбоордун алкагында берилген. СИЗО-1дин көзөмөл өткөрмө жайын кайра келбеттөө жана жабдыктоо жумуштарына жалпысынан 100 миң доллар (7 800 000 сом) сарпталган.
Түзөтүү мекемерлер баңгизаттарды таратууга бөгөт коюу аракеттер үчүн өтө маанилүү. Камактагы адамдардын 5 пайызы катталган баңгизат колдонуучусу болуп саналат[1]. Кыргыз Республикасындагы баңгизаттардын мыйзамсыз таратылышына каршы иш-аракеттер үчүн кылмыштыкты түзөтүү системасынын маанилүү ролун эске алганда, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы менен Баңгизаттарды конторлдоо боюнча Мамлекеттик кызматынын ортосундагы кызматташтыкты күчөтүү өзгөчө мааниге ээ. БУУ БКБ Кыргыз Республикасына “Кылмыштуулук боюнча сот адилеттиги” программасынын алкагында 2009-жылдан берии колдоо көрсөтүүдө.
[1] Баңгизат менен күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн программасы, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн № 54 Токтому, 27-январь, 2014-жылы.