АКШ жана Кыргыз Республикасынын ортосундагы жылдык консультациялардын үчүнчү айлампасы боюнча биргелешкен билдирүүсү

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев жана аны 2015- жылдын 8 – 10 – апрелинде өтүүчү Америка Кошмо Штаттары менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы жылдык консультациялардын үчүнчү айлампасына катышуу үчүн Вашингтонго коштоп келген кыргыз делегациясы менен жолугушту. Мамлекеттик катчы жана  тышкы иштер министри бул консультациялар эки тараптык мамилелерди жаӊылоо жана Кыргыз Республикасы 23 жыл мурун эгемендүү болгондон бери анын демократиядагы,социалдык, экономикалык, коопсуздук жана адам укуктары жаатындагы жетишкендиктерине көз чаптыруу үчүн маанилүү мүмкүндүк берээрин белгилешти. Мамлекеттик катчы Жон Керри АКШнын Кыргыз Республикасынын суверендүүлүгүнө, эгемендүүлүгүнө жана территориялык бүтүндүгүнө мурдатан бери үзбөй колдоо көрсөтүп келе жатканын баса белгиледи. Мамлекеттик катчы Кыргыз Республикасы АКШнын маанилүү өнөктөшү экенин тастыктады. Мамлекеттик катчы жана тышкы иштер министри Кыргыз Республикасынын Минск келишиминин ишке ашырылышына дем берүү потенциалы бар экенин таанышты.

Андан тышкары, тышкы иштер министри Абдылдаев мамлекеттик катчынын саясий маселелер боюнча орун басары Уэнди Шерман, мамлекеттик катчынын коопсуздук, демократия жана адам укуктары маселелери боюнча орун басары Сара Сьюэлл, ошондой эле президенттин атайын жардамчысы жана Улуттук коопсуздук кеӊешинин Россия жана Борбордук Азия маселелери боюнча ага директору Селлесте Уолландер менен аймактагы коопсуздук, зордукчул экстремизм жана адам укуктары маселелерин талкуулоо үчүн жолукту.

Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия маселелери боюнча жардамчысы Ниша Бисвал жана тышкы иштер министри Абдылдаевтин  теӊ-төрагалыктын астында өткөн консультациялар Америка Кошмо Штаттары менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы эӊ жакшы кызматташтыкты жана өнөктөштүктү дагы алгалатууга мүмкүндүк берет. Теӊ-төрагалар, достук менен сыйлашуунун духунда жана мамилелерди дагы чыӊдоо нээтинде, эки өлкөнүн ортосунда азыр бар өнөктөштүктү жана эки тараптык мамилелердеги кызматташтыкты кеӊейтүү багыттарын карап чыгышты.

Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасынын улуттук суверендүүлүгүн жана территориялык бүтүндүгүн камсыздоо, ошондой эле стабилдүүлүк менен улуттук экономиканы өнүктүрүү аракеттерине колдоо көрсөтөөрүн дагы бир ирет баса белгиледи. Америка Кошмо Штаттары ошондой эле Кыргыз Республикасынын Борбордук Азияда коопсуздукту, стабилдүүлүктү жана кызматташтыкты күчөтүүгө кошкон салымын жогору баалады. Кыргыз Республикасы Америка Кошмо Штаттарынын өлкөдөгү демократия менен социалдык – экономикалык өнүгүүнү күчөтүүгө көрсөткөн колдоосун жогору баалаарын билдирди.  Эки делегациянын жетекчилери теӊ демократия менен натыйжалуу мамлекеттик башкаруу жаатында кызматташтыкты кеӊейтүүгө эки тарапта да кызыгуу бар экенин айтышты.

Теӊ-төрагалар Кыргызстандын жарандары үчүн АКШга ишкер жана туристтик иммиграциялык эмес визалардын мөөнөтү бир жылдан беш жылга узартылганын жана Кыргызстанга келүүчү АКШ жарандары үчүн визалардын мөөнөтү узартылганын канааттануу менен билдиришти. Бул өзгөрүүнүн натыйжасында саякаттоого, ишкердикке жана инвестициялоого түзүлгөн жаӊы мүмкүнчүлүктөрдөн эки мамлекет теӊ пайдалануулары керек. Өзгөрүүлөр ошондой эле адамдар ортосундагы алакаларды көбөйтүү жана Кыргыз Республикасы менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы маанилүү өнөктөштүктү бекемдөө аркылуу Кыргыз Республикасында демократияны өнүктүрүүгө жардам берет.

Теӊ-төрагалар эки тараптын соода жана экономикалык байланыштарын кеӊейтүү жана тереӊдетүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти. Борбордук Азиядагы аймактык алакаларды чыӊдоо жана АКШ компаниялары үчүн  Кыргыз Республикасында жана бүтүндөй аймакта жакшыртылган экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүү муктаждыктарын таануу иретинде тышкы иштер министри Абдылдаев Кыргыз Республикасынын АКШ –  Борбордук Азиялык соода жана инвестициялар боюнча рамкалык келишим (СИРК) боюнча кеӊештин келерки отурумун өткөрүүнү 2015- жылда өзүнө алуу нээтин жарыялады. Америка Кошмо Штаттары бул жарыяны Кыргыз Республикасы үчүн аймактык экономикалык байланыштарды жакшыртуудагы лидерлигин көрсөтүүсүнө мүмкүндүк катары жылуу кабыл алды. Америка Кошмо Штаттары андан сырткары Кыргыз өкмөтүнүн аймактык CASA – 1000 энергетикалык долбооруна көрсөткөн чоӊ колдоосун жогору баалаарын айтты.

Америка Кошмо Штаттары Кыргызстандын демократияны алга сүрөөдөгү лидерлигин да белгилеп кетти. Өлкөдө боло турган 2015 – жылкы парламенттик шайлоону жана 2017 – жылкы президенттик шайлоону эркин жана адилеттүү өткөрүүгө Кыргыз Республикасынын берилгендигин жактыруу менен Америка Кошмо Штаттары Кыргызстандын шайлоо процесстерине көрсөтүп келе жаткан жардамын айтып өттү. Америка Кошмо Штаттары акыркы беш жылда шайлоого жардам катары 17 миллион АКШ долларынан ашык каражат чегерип, Кыргыз Республикасынын 2015 – жылдын күзүндө парламенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүүгө болгон аракеттерин колдоп келет, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2017 – жылкы президенттик шайлоого даярдануу процесстерине колдоо көрсөтүүсүн улантууну каалайт. Мамлекеттик катчынын жардамчысы Бисвал 2017 – жылы президенттик бийликти эркин жана адилеттүү шайлоо аркылуу демократиялык жол менен тынч өткөрүп берүү Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2010 – жылдагы Апрель Революциясынан бери көрүнүктүү процесске жетишкендигинин белгиси болоорун айтты. Эки тарап теӊ Кыргыз Республикасында коомдун ачыктыгын камсыз кылуу боюнча жасала турган дагы көп иштер бар экенин жана өлкө өз жарандарынын буга салым кошуусун баалаарын  белгилешти.

Теӊ-төрагалар аймактык коопсуздукту сактоо жана зордукчул экстремизм менен күрөшүү боюнча тыгыз кызматташууга берилгендигин дагы бир ирет тастыкташты. Эки тарап теӊ жарандык коомдун жана диний топтордун иштеши үчүн мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу зордукчул экстремизмге каршы туруу үчүн эӊ маанилүү экенин таанышты. Тараптар коопсуздук жаатында жүрүп жаткан кызматташтыкты, анын ичинде АКШнын Тынчтыкты сактоо жана Тышкы аскердик каржылоо менен эл аралык аскердик билим берүү жана даярдоо программаларын кошуп, коопсуздук маселелерине байланышкан мамилелерди мындан ары да жакшыртууга эки өлкөнүн теӊ каалоосу бар экенин баса белгилешти.
Теӊ-төрагалар баӊги заттарды ташуу менен күрөшүүдө тыгыз кызматташтыкты улантуу керектигин айтышты, ал эми тараптар коррупция менен күрөшүүдө, кылмыш кодексин жакшыртууда, каржы кылмыштарын иликтөөдө жана тартип коргоо органдарын реформалоодо кызматташууну мындан ары да күчөтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.  Тараптар ошондой эле Кыргызстандын бажы жана чек ара кызматкерлеринин жөндөмдөрүн жогорулатуудагы, адамдарды соодалоо менен күрөшүүдөгү жана ак илбирсти сактоодогу жетишкендиктерди да карап чыгышты.

Тараптар алмашуу жана билим берүү программаларынын оӊ таасирин белилешип, мындай демилгелерди мындан ары да кеӊейтүү мүмкүнчүлүктөрүн издөөгө нээттери бар экенин билдиришти. Эки тарап теӊ Борбордук Азиядагы Америка университетине мактоолорун айтышып, анын Кыргыз Республикасынын жана аймактын өнүгүүсүнө кошкон салымын белгилеп кетишти. Аягында, теӊ-төрагалар АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттигинин жана Тынчтык Корпусунун Кыргыз Республикасынын билим берүү жана саламаттыкты сактоо системаларын күчөтүүгө, ошондой эле АКШ менен Кыргызстандын жарандарынын ортосунда узакка созулган инсандык мамилелерди курууга багытталган иштерин баса белгилеп кетишти.