Катышуу арызыңыздарды жана ишканаңыздын толук резюмесин 2018-жылдын 9-июлдун саат 10-00 чейин төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүүңүздү суранабыз: BishkekGSOBid@state.gov.
Тендерге өнөр жай дизелдик генераторлорду демонтаж/көчүрүү жана жеткирүү/монтаж кызматтарды көрсөтүүгө мүмкүнчүлүгү бар болгон, мурдагы ушул сыяктуу тажрыйбасы жана тиешелүү күбөлүгүнө ээ, алдын ала квалификациялоо тандоодон өткөн компаниялар гана катыша алат.
Төлөө шарттары: эсеп көрсөтүлгөн кызматтардын кол коюлган күбөлүктүн негизинде түзүлгөн счет фактура жөнөтүлгөн күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде төлөнөт.
Квалификациялык тандоодон өтпөгөн компанияларга тендерге катышууга уруксат берилбейт. Кошумча маалымат алуу үчүн АКШ элчилигинин Сатып алуу бөлүмүнө (0312) 597 000 кош. 7580 номуру аркылуу кайрылсаңыздар болот.
Кыргыз Республикасындагы АКШ элчилиги катышуучулардын алдында эч кандай жоопкерчиликти албастан, ар убакта бардык сунуштарды четке кагып, келишим түзүлгөнгө чейин тендерди токтотуу укугун өзүнө калтырат.