Кыргыз Республикасы, Чоӊ-Алай району, Дароот-Коргон айылы – 2021-жылдын 18-августунда «Алай ишкер айымдары» коомдук бирикмеси өзүнүн жүндөн өндүрүшүнүн жана кол өнөрчүлүк буюмдарынын кеӊейишинин урматына Чоӊ-Алай жана Алай райондорунда расмий азем уюштурду. Өндүрүү АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча агенттигинин (USAID) жана Кыргыз Республикасындагы швейцариялык HELVETAS өнүгүү уюмунун колдоосу алдында жүзөгө ашырылат.
USAIDдин «Конкуренттүү ишкана» долбоорунун колдоосу «Алай ишкер айымдары» КБысына өз бизнесине Алай жана Чоӊ-Алай райондорунун алыскы аймактарынан кол өнөрчү-аялдарды көбүрөөк тартууга жардам берди. USAID жүндүү иштетүү процессин автоматташтырууга, өндүрүштүк чыгымдарды төмөндөтүүгө жана сапатты жогорулатууга мүмкүндүк берген жүндү иштетүү үчүн жабдууну тартуулады, бул болсо өндүрүштүн рентабелдүүлүгүн жогорулатууга түрткү берет. “Алай ишкер айымдары” КБысы, ошондой эле, жүндү тазалоо, жүндү иштетүү жана кийиз даярдоо үчүн швейцариянын HELVETAS өнүгүү уюму ишке ашырган «Бай Алай» долбоорунан жабдуу алган. “Алай ишкер айымдары” КБысы өз кол өнөрчүлөрү үчүн эмгектин ыӊгайлуу шарттарын камсыз кылуу максатында оӊдоп-түзөөлөрдү жүргүзүүгө каражатттарды инвестирлеген.
“USAIDдин колдоосу менен биз алыскы Алай жана Чоӊ-Алай райондорунан жергиликтүү 54 аял үчүн жумушчу орун түзөбүз. Биздин миссия жергиликтүү таланттарды колдоодо жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө жатат», – дейт «Алай ишкер айымдары» коомдук бирикмесинин Чоӊ-Алайдагы филиалынын аткаруучу директору Жибек Туратбекова.
Азыркы учурда «Алай ишкер айымдары» КБысы Ош шаарынан ары төрт сааттык жолду түзгөн алыскы Алай районунда иш берүүчү ири уюм болуп саналат. Ассоциация килемдерди, үй декорунун буюмдарын, кийизден килемдерди жана кол өнөрчүлүк буюмдарын өндүрүүгө жергиликтүү кол өнөрчү-аялдарды тартып жатат. Өнүм бүткүл Кыргызстан боюнча туристтик дүкөндөрдө жана социалдык тарамдарда Ассоциациянын баракчалары аркылуу сатылууда.
“Биз Кыргызстандын аялдары үчүн жаӊы иш орундарын жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзгөн «Алай ишкер айымдары» сыяктуу уюмдарга гранттарды берип жатканыбызга сыймыктанабыз», – дейт USAIDдин Кыргыз Республикасындагы Миссиясынын Директорунун милдетин аткаруучусу Кит Симмонс. “Бирок бул долбоор өзгөчө, себеби кеп жумушчу орундар гана жөнүндө эмес, кыргыздын улуттук мурастарын – шырдактарды, калпактарды жана чепкендерди жайылтуу жөнүндө да жүрүп жатат”.
USAIDдин “Конкуренттүү ишкана” долбоору – бул бюджети 23 миллион АКШ долларын түзгөн беш жылдык демилге. Долбоор текстиль өндүрүшү, тамак-аш өнөр жайы, айыл чарба, маалыматтык технологиялар, финансы жаатындагы жана башка жааттагы чакан жана орто ишканалар менен Кыргызстанда көп сандаган жумуш орундарын түзүү максатында алардын өндүрүшүн жана сатуусун кеңейтүүгө жардам берүү үчүн иштейт. Долбоордун алкагында азыркы күнгө чейин өлкө боюнча 90 ишканага колдоо көрсөтүлгөн.
Бул долбоор жөнүндө көбүрөөк маалымат алуу үчүн, USAIDдин “Конкуренттүү ишкана” долбоорунун байланыш боюнча кеңешчиси Жылдыз Ниязалиевага кайрылыңыздар, zniiazalieva@ecp-kyrgyzstan.org, тел: +996 (770) 808 063.




