Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги: Июнь – АКШнын айы

Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги июнь айын Амека Кошмо Штаттарынын соода-инвестиция айы деп жарыялады. Агенттиктиктин демилгесине ылайык, АКШнын Бишкектеги Элчилиги, жана АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргыз Республикасында иш алып барган америкалык компаниялардын, USAID колдогон экономикалык долбоорлордун жана инвестициялардын көргөзмөсүн уюштурду.

Мындан тышкары, июнь айына бир катар өтө кызыктуу иш чаралар болжолдонгон: USAID каржылап колдоо көрсөткөн жаңы ишканалардын ачылышы жана иштеп жаткан ишканалардын кеңейтилиши, жана ошондой эле, эки өлкөнүн соода-сатык алакасына байланыштуу иш чаралар.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын экономикасы, жалпысынан айыл чарбасына негизделип, калктын басымдуу бөлүгү аймактарда жашап дал ушул тармакта иш алып барат. АКШнын Бишкектеги Элчилиги муну жакшы түшүнүп, кыргыз бийликтеринин 2018-жылды – Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо демилгесин чын дилинен колдойт.

5-6-июнда Айыл-чарба соода-инвестициялык форум Бишкекте өткөрүлүп ал өзүнө, өндүрүлгөн продукциянын көргөзмөсүн, жолугушууларды, сүйлөшүүлөрдү, сунуштарды камтып – кыскача айтканда, катышуучуларга жаңы инвестицияларды тартууга мүмкүнчүлүк берип, иш катнаштарды түзүүгө шарт жаратты. Бул иш чарада сатып алуучулар жалпы наркы 5 миллион долларга жеткен өнүмдөрдү сатып алууга келишимдерди түзүп, кошумча миллиондогон нарктагы келешимдерге алып келүүчү сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.

USAID өз презентациясында, Кыргыз Республикасында төрт жылдан бери иштеп келе жаткан, жана өз мөмөсүн берип баштаган USAID — Агро горизонт  долбоорунун теңдешсиз жыйынтыктарын тартуулады – он миңдеген кыргыз дыйкандары пайда көрүп, өндүргөн өнүмдөрүнүн жалпы сатуулар көлөмүн 15 миллион долларга дейре жеткиришкен.

Июнь айы аралыгында айыл чарба тармагындагы жаңы ири ишканалардын расмий ачылыштары болжондонгон: Эл Дан Аталык (Өзгөн), Алтын Аймак (Баткен). Мындан тышкары, USAID колдоосу менен эл аралык талаптарга жооп берген эки кийим тигүү фабрикасынын ачылыш аземи күтүлүүдө.

Бизнес тармагындагы билим берүүгө да чоң көңүл бөлүнгөн. Буга байланыштуу  SABIT, Tech Women долбоорлорунун бүтүрүүчүлөрүнүн жолугушуусу уюштурулат. АКШнын соода-инвестициялык долбоорлорунун айлыгы Эркиндик бульварында 30-июнь күнү аяктайт. Ал жерге америкалык жаз музыкасынын аткаруучулары, америкалык франшизаларга кошулуп музыка, тамак-аш жана жакшы маанайга толгон иш чараны тартуулашат.